Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Байымбетова: мигранттар бир нече документти мекенге келбей эле ала алышат

© Sputnik / Асель СыдыковаТретий секретарь Департамента консульской службы МИД Гульбарчын Байымбетова
Третий секретарь Департамента консульской службы МИД Гульбарчын Байымбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин үчүнчү катчысы Гүлбарчын Байымбетова чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар кайсы документтерди мекенге келбей эле алса болорун тизмектеп берди.

Кыргызстандын жарандары өздөрү жүргөн мамлекеттердеги биздин элчилик, консулдуктарга кайрылып өлкө ичинде колдонулуучу жана жалпы жарандык паспортторду ала алышат. Бул тууралуу Гүлбарчын Байымбетова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Байымбетова: мигранттар бир нече документти мекенге келбей эле ала алышат

Анын айтымында, чет мамлекеттеги кыргызстандыктардын жаңы паспортко ээ болуу мөөнөтү үч жумадан тартып эки айга чейин созулат.

"Дүйнө жүзү боюнча 36 жерде биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөр бар. Учурда кыргызстандык жарандар мына ушул элчилик, консулдуктарга кайрылуу менен мөөнөтү бүткөн паспортторун жаңылап же жашы 16га толгон учурда паспорт алса болот. Албетте, наркы жана документти колуна алуу убактысы жагынан Кыргызстандын ичиндеги тартиптерден бир аз айырмаланат. Мисалы, паспорттун наркы учурда 30 долларды түзүүдө, мурда 50 доллар болчу. Ал эми мөөнөтү жагынан авиакаттамдар жеткиликтүү өлкөлөрдө үч жума, бир ай болсо, айрым мамлекеттеги жердештерибизге 1,5-2 айга чейин күткөнгө туура келет. Анткени дипломатиялык почтанын иштөө мөөнөтү авиакаттамдардан көз каранды болуп калат. Мындан сырткары, мекендештер өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн никеге байланыштуу бардык документтерди, соттолбогондугу тууралуу, жарандыгын тактоочу, никесин тактоочу маалым каттарды, мекенге кайтуу күбөлүгүн жеринен эле ала алышат", — деди Байымбетова.

Атташе балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү да чет мамлекетте туруп алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0