Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Дүйшөбаев: төрт күнгө созулган аргымактар марафонунда кыздар да ат чабат

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Кɵчмɵндɵр жүрүшү" ат жүрүшүнүн республикалык федерациясы" коомдук бирикмесинин башкы машыктыруучусу Жаныбек Дүйшөбаев
Кɵчмɵндɵр жүрүшү ат жүрүшүнүн республикалык федерациясы коомдук бирикмесинин башкы машыктыруучусу Жаныбек Дүйшөбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
"Кɵчмɵндɵр жүрүшү" ат жүрүшүнүн республикалык федерациясы" коомдук бирикмесинин башкы машыктыруучусу Жаныбек Дүйшөбаев Кыргызстанда алгачкы ирет аргымактар марафону өтүп жатканын айтты.

Көчмөндөр маданиятын, кыргыз аттарын дүйнөгө даңазалоо максатында уюштурулуп, 20дан ашык чабандес Бишкектен Чолпон-Ата шаарына чейин ат чаап барышат. Мындай маалыматты Жаныбек Дүйшөбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Дүйшөбаев: төрт күнгө созулган аргымактар марафонунда кыздар да ат чабат

Анын айтымында, аргымактар марафонуна чабандес катары кыздар да катталып, күчүн сынап көрүшөт.

"Кыргыз эли көчмөн болгондуктан атка жакын эмеспи. Мындан улам көчмөндөр маданиятын, кыргыз аттарын дүйнөгө даңазалоо максатында аргымактар марафонун уюштуруп жатабыз. Эл аралык мелдештерде жекелик түрдө узак аралыктарга атайын коюлган эрежерлердин негизинде катышып келебиз. Ал эми марафондук жүрүштү уюштурууну алгачкы ирет колго алдык. Катышуучулар Бишкектин четинде жайгашкан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинен баштап, Чолпон-Ата шаарынын ат майданына чейин төрт күндүк жол басып чаап барышат. Ысык-Атанын Өтөгөн айылына чейин жетип бир түнөп, Боом капчыгайына чейин жолду улантабыз. Андан кийин марага чейин тынбай чаап барабыз. Төрт күндүк марафон трассасынын узундугу 270 чакырымды түзөт. Катышуучунун салмагы 50 килограммдан төмөн болбошу шарт", — деди Дүйшөбаев.

Ошондой эле машыктыруучу марафон учурунда аттын абалына көз салып туруу максатында атайын ветеринар да чогуу жарышка катыша тургандыгын кошумчалады.

Толук версиясын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0