Республикалык психикалык ден соолук борборунун психологу Гулира Сулайманова

Сулайманова: орой мамилени көрүп өскөн бала үй-бүлө баалуулуктарын билбей калат

150
(жаңыланган 16:32 23.07.2021)
Республикалык психикалык ден соолук борборунун психологу Гулира Сулайманова мигранттардын балдары эрте чоңоюп, жашоонун оор жүгүн тартууга аргасыз болорун айтты.

Учурда көп ата-эне балдарын туугандарынын колуна таштап, чет мамлекетке иштеп кетип жатышат. Мындай учурда балага көңүл бурулбай, ата-энелик мээрим төгүлбөй, бала өзү же бир туугандары үчүн жоопкерчилик алып калат. Бул тууралуу Гулира Сулайманова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өспүрүм балдарга кылдат мамиле кылуу керек.

"11 жаштан 18 жашка чейинки балдар жетилип, бою өсүп, үнү корулдап, жүрүм-туруму чоң кишиникиндей болгону менен нерв системасы толук калыптана элек болот. Көп учурда бирөөнүн баласын бирөө аябаган учурлар болуп, ар кандай оор жумуштарга салып коюп жатышат. Ошону менен бирге кароосуз калып, ата-эненин жоктугунан улам чоң ата, чоң эне же башка туугандарын укпай жүрүм-туруму бузулуп, үйдөн качып көчөгө түшүп кеткен балдар да жок эмес. Тарбия берип, жол көрсөткөн чоңдор жок өскөн бала өз оюн айта албай, максатына жете албай калат. Көп учурда бул балдар түнт болот. Орой мамиле көрүп калган бала кийин үй-бүлө баалуулуктарын билбей калышы мүмкүн. Себеби жетиштүү үй-бүлөдө чоңоюп, туура сүйлөшүп, туура мамиле кылганды үйрөнгөн эмес. Андан тышкары, турмуштун түйшүгүн эрте тартып, оор жумушта иштеген балдар шартка байланыштуу жетиштүү билим ала албай, өмүрүнүн аягына чейин кара жумушта иштеп калып жатышат", — деди Сулайманова.

Психолог ата-эне балага кандай маанайда кайрылса бала да ага ошондой жооп кайтарарын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

150
Белгилер:
психолог, балдар, турмуш, Гулира Сулайманова
Тема боюнча
Адис баласы үчүн аша чаап тынчсыздана берген ата-энелерге кеңеш берди
Пробация департаментинин жетектөөчү адиси, психолог Тахмина Талгатова

Талгатова: соттолгон адамдын кылмыштан оолак болушуна коом көмөк көрсөтө алат

7
Пробация департаментинин жетектөөчү адиси, психолог Тахмина Талгатова соттолгон адамдар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин коомго аралаша албай кыйналарын айтты.

Коомдо соттолгон кишилерге чочулоо менен караган көз караш бар. Аларга ишеним да төмөн. Бул тууралуу Тахмина Талгатова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Талгатова: соттолгон адамдын кылмыштан оолак болушуна коом көмөк көрсөтө алат

Анын айтымында, жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин бул адамдар өздөрүн жалгыз сезип кыйналышат.

"Пробация департаменти жеңил кылмыш жасаган мыйзам бузуучулар менен иш алып барат. Көбүнесе уурулук, каракчылык, бирөө менен мушташа кетип түрмөгө түшкөн инсандар — биздин кардарларыбыз. Алар менен психологдор тынбай иштешип турабыз. Мындай кылмышкерлердин көбү жаза мөөнөтү бүткөн соң кайра коомго аралашуудан чочулашат. Баары бир мага эч ким ишенбейт деген пикирде болуп, адамдардан оолактап жалгыз жүрүп калышат. Мындай учурда анын чөйрөсү эң чоң көмөк көрсөтө алат. Алар бул кишини өзүнө тартып, баарлашып, майда-барат иштерде деле ишеним көрсөтүп турушса ачылып сүйлөшүшөт. Соттолуп чыккан адам жардам сураган учурда болушунча баш тартпаганга аракет кылыш керек. Анткени алардын кимдир бирөөдөн көмөк сурап кайрылганы дагы өзүнчө жеңиш, — деди Талгатова.

Психолог бул боюнча коомчулукта да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү зарылдыгын кошумчалды.

7
Белгилер:
психология, психолог, кылмышкер, коом, Тахмина Талгатова
Тема боюнча
Зарылбек уулу: пробация кардарлары дээрлик кайра кылмышка барбайт
Рубрика радио Sputnik Кыргызстан Көөнө сөз

Талантбеков: "Манаста" фонтанды түшүндүргөн көөнө сөз бар

19
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.

"Манас" эпосунда фонтанды түшүндүргөн "оргума" деген көөнө сөз бар. Аны учурда күнүмдүк турмушта колдонууга болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "Манаста" фонтанды түшүндүргөн көөнө сөз бар

Анын айтымында, "Манас" эпосунда көптөгөн көөнө сөз кездешет.

Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Күндөлүк турмушта колдонулуп келген фонтан деген маанини түшүндүргөн сөз "Манаста" барбы деген суроо жаралат. Адатта фонтан сөзү бизге тыштан кирип, биздин тарыхта кездешпегендей кабылданып калууда. "Манас" эпосунда фонтан "оргума" же "оргу" деп айтылган. Бул сөз атырылып чыгуу, оргуштоо, уюлгуу, уюлгуп көтөрүлүү деген маанини түшүндүрөт. Эпосто "оргумасы оргуштап калаа көркү өсүптүр" деген саптар Сагынбай Орозбаковдун вариантында кездешет. Муну бүгүнкү турмушта да колдонууга мүмкүн. Анткени учурда шаарларда оргумалар, башкача айтканда, фонтандар арбын", — деди Талантбеков.

Ал ошондой эле көөнө сөздөрдү колдонуп тилди байытууга болорун кошумчалады.

19
Белгилер:
Нурбек Талантбеков, Манас эпосу, эне тил, Кыргызстан, көөнө сөз
Тема боюнча
Талантбеков: "мажилис" сөзү кеңеш, жыйын деген маанини билдирет