Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Назаралиев: ишкерликте бизнес-ментордун орду чоң

© Sputnik / Табылды КадырбековБизнес-ментор, ишкер Данияр Назаралиев
Бизнес-ментор, ишкер Данияр Назаралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Бизнес-ментор, ишкер Данияр Назаралиев бизнеске жаңы кадам таштап жаткандардын 70 пайызы максатын, багытын так аныктабай туруп бизнес баштап аларын айтты.

Тобокелчиликтен коркпогон, күчтүү бизнес-ментордун айткандарын так аткарган жаш ишкерге ийгилик тез келет. Мындай пикирин Данияр Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек берип жатып айтты.

Назаралиев: ишкерликте бизнес-ментордун орду чоң

Анын билдиргенине караганда, акыркы жылдары бизнестеги эрежелер өзгөрүп, жаңы билимди талап кылууда.

"Ишкерликке кызыгып, бизнес ачкысы келген жаштардын 70 пайызы багытын билбейт. Демек, аларга кайсы тармакта кандай мүмкүнчүлүктөр бар экендигин айтып бериш керек. Анткени тобокелчиликтен коркушат, тоскоолдуктардан кыйналышат, билими жетишпейт, чөйрөсү начар болот. Дүйнөлүк жаңы тенденцияларды колдонуу, талаптарды өздөштүрүү маанилүү. Акыркы жылдары бизнестеги эрежелер да өзгөрдү. Мисалы, мурда алып-сатуу жеңил болсо, учурда комплекстүү иштерди алып барыш керек. 1-класстагы бала окуганды, жазганды үйрөнүү үчүн "Алиппе" китебин колдонот эмеспи. Ошол сыңары бизнестин да ариби, тили болот. Аны түшүнүү үчүн жакшы өздөштүрүп койсо, ийгиликке оңой жете алат", — деди Назаралиев.

Ошондой эле адис чөйрөнү, насаатчыны туура тандап, билиминин деңгэлин жогорулатып турган ишкер дайыма алдыда боло аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0