Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Төрөбекова: балдарды сатуу маселесин көтөргөн кино тартылат

© Sputnik / Асель СыдыковаKG WOOD production компаниясынын директору Айжамал Төрөбекова
KG WOOD production компаниясынын директору Айжамал Төрөбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
KG WOOD production компаниясынын директору Айжамал Төрөбекова кинорежиссёр Элвис Энтонинин жетекчилиги менен белгилүү кыргыз, казак жана өзбек актёрлорунун катышуусунда кинофильм тартыларын айтты.
Төрөбекова: балдарды сатуу маселесин көтөргөн кино тартылат

Элвис Энтони кино тармагында сегиз жылдан бери эмгектенип келет. Пландалып жаткан картина Казакстан, Өзбекстандын шаарларында, ал эми басымдуу бөлүгү Кыргызстандын тоолорунда тартылат. Бул тууралуу Айжамал Төрөбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

"Фильмде балдарды сатуу маселеси козголот. Мындай нерсеге чоң эле кызматтагы, макамы жогору кишилер кийлигишип, көп нерсе аларга байланыштуу болуп калат. Бул көрүнүштү канткенде ооздуктай алабыз, кандай кылганда маселе оң тарабына чечилет? Тасманын аягында бул суроолордун жообу берилет. Эмне себептен бул теманы тандап алдык? Угушума караганда адам сатуу, кичинекей балдарды соодалоо маселеси Индияда, Америкада дагы деле бар. Кинолента боевик жанрына жакын. Азырынча аталышын тактай элекпиз. Тартуу иштери августта башталат. Ал эми коомдун назарына 2022-жылы сунушталат. Тасмага продюсерлик кылган KG WOOD production 2017-жылы ачылган. Эсиңиздерде болсо Болливуддун белгилүү жылдыздары келип, бул жактан клип тартып кетишкен. Алар менен төрт клип тарттык. Андан тышкары Кыргызстанда Torbaaz деп аталган индиялык блокбастердин жаратуу иштерине көмөктөшкөнбүз. Тасмалар Netflix сервисинде жайгаштырылган", — деди Төрөбекова.

Ал акыркы тартылган "Нури" аталышындагы хоррор жанрындагы тасма Кыргызстандын кинотеатрларына коюлушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0