Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумалиев: айдоо аянттарындагы суу скважиналары калыбына келтирилет

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев быйылкы кургакчылыктан улам түшүмдүн 25-30 пайызы күйүп кеткендигин айтты.

Быйыл жаздын эрте келиши жана кургакчылык эгин талааларына сезилерлик зыян алып келди. 12000 гектар жерге кызылча үрөнү себилсе, катаал аба ырайынан улам 500-600 гектарына чыкпай калып, ордуна жүгөрү айдалды. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жумалиев: айдоо аянттарындагы суу скважиналары калыбына келтирилет

Анын айтымында, учурда кылкандуу дан эгиндерин оруп, жыйноо 50 пайызга жыйынтыкталып калды.

"Быйыл жаз эрте келип, анан да кургакчылык болуп дыйкандар кыйналды. Өзгөчө Чүй өрөөнү сугат иштерин убагында жүргүзө албай, эми түшүмдү күткөндөн аз ала турган болушууда. Ушуга байланыштуу кийинки жылдарда эгиндин күйүп кетүүсүнө жол бербөө үчүн Советтер Союзунан калган эски скважиналарды кайрадан калыбына келтирүү иштери колго алынууда. Азырынча Чүй облусунда 63 скважина жана Баткенде бир нечеси оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул багытта министрлер кабинети атайын акча бөлгөн. Кийинки жылдардан республиканын башка облустарында да иш жүргүзүлөт", — деди Жумалиев.

Ал тамчылатып сугарууну өркүндөтүү да заман талабы болуп турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0