Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Усупова: эми каалоочулардын баары ипотекага үй ала алат

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель правления ЖСКК "Ак-Босого" Айзаада Усупова
Председатель правления ЖСКК Ак-Босого Айзаада Усупова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
"Ак-Босого" турак жай-сактык, кредиттик компаниясынын директору Айзаада Усупова Кыргызстандын жарандары турак-жай сатып алууга керектүү сумманын 50 пайызын 3-10 жыл аралыгында топтоп, үй сатып алса болорун айтты.

"Ак-Босого" компаниясы топтолгон каражаттын тең жарымын 6-8 пайыздык чен менен узак мөөнөткө бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай маалыматты Айзаада Усупова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Усупова: эми каалоочулардын баары ипотекага үй ала алат

Анын айтымында, "Ак-Босого" компаниясынын каражаттарын турак-жай сатып алуудан сырткары үйдү оңдоп-түзөөгө же аянтын кеңейтүүгө жумшаса болот.

"Ак-Босого" турак жай-сактык, кредиттик компаниясы ушул жылдын январь айында Улуттук банктын лицензиясын алып, ишин баштаган. Ага байланыштуу биз кардарлардан депозиттерди кабыл алууга жана насыя берүүгө укуктуубуз. Долбоор быйыл гана башталгандыктан пайыздык көрсөткүчтү түшүрүүнү пландап жатабыз. Эми жарандар максималдуу сегиз пайыздык коюм менен турак-жайга насыя ала алат. Бир эле мамлекеттик кызматтагылар эмес, бардык кыргызстандыктар арыз калтырып, мүмкүнчүлүктү колдонсо болот. Биздин компанияда депозит ачып, акчаны топтоо гана шарты коюлат. Ал үчүн турак-жай сатып алууга керектүү сумманын 50 пайызын 3-10 жыл аралыгында чогултуу зарыл. Ал үчүн ай сайын жок дегенде 3000 сомдон которуп туруусу зарыл. Айына канчадан сумма чогултарын кардар өзү чечет, ошого жараша келишим түзүлөт. Эгерде финансылык көйгөйлөр жаралып калса, ай сайын төлөй турчу сумманы азайтып, мөөнөтүн узарта алат", — деди Усупова.

Ошондой эле жетекчи "Ак-Босого" турак жай-сактык, кредиттик компаниясынын кызматын чет жакта жүргөн мекендештер да колдоно аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0