Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сайназаров: онлайн, офлайн окууну айкалыштырганга өтүү керек

© Sputnik / Жоомарт УраимовБилим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров. Архив
Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров мындан ары толугу менен салттуу билим берүүгө өтүү мүмкүн эместигин билдирди.

Коронавирус илдетинен адамзат арылып кетпешин биз түшүнүп турабыз. Андыктан мындан аркы жашообузду, анын ичинен билим берүүнү да ошого ылайыкташтырышыбыз абзел. Мындай пикирин Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып белгиледи.

Сайназаров: онлайн, офлайн окууну айкалыштырганга өтүү керек

Анын айтымында, мындан ары жалаң гана онлайн окутуу же толугу менен офлайн билим берүүгө кайтып баруу деген түшүнүк болбойт.

"Бүткүл дүйнө жүзү боюнча эле онлайн окуудан анын сапаты түшүп кеткендиги айтылууда. Бул канчалык техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар өлкө болсо да аралыктан окутуу салттуу билим берүүнүн ордун баса албастыгынын белгиси. Бирок ошону менен катар эле айрым окуу багыттарын, тескерисинче, онлайн-форматта окуп-үйрөнүү ыңгайлуу болоруна күбө болдук. Андыктан бул эки системаны айкалыштырып иштөөгө өтүшүбүз керек. Мындай жол менен биз билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн гана кеңейткен болобуз. Андан чочулоонун кажети жок",— деди Сайназаров.

Ал өзгөчө Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкөлөрдө аба ырайынан улам келип чыккан кыйынчылыктарда балдарды айкалышкан системада окутуу, алардын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпаганга шарт түзөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0