Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алтыбаева: мектептин тегерегинде тамекини бирден-экиден сатууга тыюу салынат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева тамекинин жаңы түрлөрү чыкканына байланыштуу коомдук жайда чылым чегүүгө каршы мыйзамды жаңылоо зарылдыгы келип чыкканын белгиледи.

Мектептердин тегерегинде тамекини бир-эки даанадан сатууга тыюу салуу сунушталууда. Бул тууралуу Айнуру Алтыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Алтыбаева: мектептин тегерегинде тамекинин бардык түрүн сатууну чектөө керек

Анын айтымында, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн эксперттер, ишкерлерден турган жумушчу топ түзүлгөн.

"Өлкөдө жылына алты миңге чукул жаран чылымдын терс таасиринен каза табат. Муну азайтуу үчүн коомдук жайда тамеки чегүүгө чектөө койгон мыйзам киргизилип, учурда иштеп жатат. Бирок компаниялар улам тамекинин жаңы түрлөрүн чыгарышууда. Мисалы, электрондук, буу жана мөмө-жемиштердин ширеси даамданган чылымдар пайда болууда. Ошондуктан жогоруда аталган мыйзам долбоорун жаңылоо муктаждыгы жаралды. Анда сатууга чыккан тамеки түрлөрүн коомдук жайда чегүүгө чектөө киргизилди. Мыйзам долбоорунун биринчи редакциясында катуу чаралар каралып, жогорку айыптар коюлган. Бирок пандемия, өлкөдөгү экономикалык-социалдык абалды эске алуу менен айыптар азайтылды. Мындан тышкары, мурдагы мыйзамда мектеп, социалдык объектилерден 100 метр аралыкта жайгашкан жайларда тамеки сатууга тыюу салынган болчу. Ага карабай өспүрүм курактагылар 100-200 метр чуркап барып деле сатып алышы ыктымал экен. Бул норманы алып, мектептердин тегерегинде бир-эки даанадан чылым сатууга чектөө коюлду. Себеби мектеп окуучуларында кутусу менен тамеки алууга каражаты дайыма эле жете бербейт, бирок бөлүп сатып алууга мүмкүндүгү болушу ыктымал", — деди Алтыбаева.

Депутат чылымды коомдук жайда чегүүнү чектеген мыйзам 140 өлкөдө иштей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0