Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Касымов: кыргыз танкисттери 23 өлкө катышкан мелдешке барат

© Sputnik / Асель СыдыковаПолковник, башкы күжүрмөн даярдоо башкармалыгынын орун басары Эркин Касымов
Полковник, башкы күжүрмөн даярдоо башкармалыгынын орун басары Эркин Касымов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Полковник, башкы күжүрмөн даярдоо башкармалыгынын орун басары Эркин Касымов кыргыз аскерлери "Танк биатлону — 2021" эл аралык таймашына январь айынан бери даярдык көрүп жаткандыктарын айтты.

Танкисттерди тандоо үч этапта жүрөт. Биринчи кезекте ар бир аскер бөлүгүндө командирлер мыкты танкисттердин тизмесин күжүрмөн даярдоо башкармалыгына жөнөтөт. Экинчи этапта алардын техниканы башкара билүүсү, дене тарбиялык даярдыгы, жалпы жөндөмү текшерилет. Сыноодон соң мыктылары калып, акыркы баскычта Коргоо министрлигинин "Эдельвейс" окуу борборунун базасында мелдешке даярдык башталат. Бул тууралуу Эркин Касымов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Касымов: кыргыз танкисттери 23 өлкө катышкан мелдешке барат

Анын айтымында, кыргыз танкисттери конкурстун талаптарына ылайык, үч ай танк биатлонуна даярдык көрүшөт.

"2013-жылы Россия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин аскер кызматкерлеринин арасында танк биатлону эл аралык мелдешин уюштурууну сунуштаган. Бул сунуш колдоо таап, биринчи жылдары Россия, Беларусь, Армения жана Казакстандан танкисттер катышкан. Иш-чарага улам кызыгуу күчөп, 2014-жылы конкурска 12 өлкөнүн командасы, анын ичинен чоң мамлекеттерден Индия менен Кытай кошулду. 2016-жылы Иран келди. Кытай дароо өздөрү чыгарган танкалар менен таймашка чыкты. Бул жерде бир гана танкисттер эмес, өнүккөн өлкөлөрдүн техниканы иштеп чыккан инженер, конструкторлорунун да мелдеши болуп, алар техникаларын сынашат. Бул аркылуу алар башка мамлекеттерге жарнамалап алат. 2017-жылы 20 мамлекеттин командасы ат салышты. Ал эми 2018-жылы таймашчулардын катарына Сирия, Вьетнам, Мьянма кирди. Ошентип учурда 23 мамлекеттин танкисттери катышып, аскердик олимпиадага окшоп калды. Биздин аскер кызматкерлери бул мелдештерге чейин эле пландык машыгууларды жүргүзүп турчу. Танк биатлонуна биздин куралдуу күчтөрдүн танкисттери 2014-жылдан бери катышат. Команда алдыңкы орундарды ала албаса дагы татыктуу 5-6-орунду камсыздап, биринчи ондукка кирип келет", – деди Касымов.

Полковник "Танк биатлону — 2021" Россиядагы армия оюндарынын эл аралык таймашынын алкагында 24-августтан 4-сентябрга чейин өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0