Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ыбышева: суу тийип, эзилип калган самынды колдонбоо керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСанитардык-карантиндик пунктунун бөлүм башчысы, врач-эпидемиолог Бактыгүл Ыбышева
Санитардык-карантиндик пунктунун бөлүм башчысы, врач-эпидемиолог Бактыгүл Ыбышева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Жазылуу
Санитардык-карантиндик пунктунун бөлүм башчысы, врач-эпидемиолог Бактыгүл Ыбышева самынды тандоо жана колдонуу эрежелери тууралуу айтып берди.

Суу тийип былжырап калган самынды колдонбой эле койгон артык. Анткени анда ар түрдүү зыяндуу бактериялар пайда болот. Бул тууралуу Бактыгүл Ыбышева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Ыбышева: суу тийип, эзилип калган самынды колдонбоо керек

Анын айтымында, үй шартында суюк самын колдонгон туура.

" Самын сатып алууда анын жытына, өң-келбетине эле көңүл бурбай, жарактуу мөөнөтүн, курамын да кароо зарыл. Мисалы, таңгагында водороддун көлөмү жетиден 14кө чейин көрсөтүлөт. Эгер pH 7ден төмөн болсо бул кычкыл реакцияны, ал эми жогору болсо курамында щелочтук реакциянын көптүгүнүн белгиси. Нейтралдуу белги катары так ушул рН7ни айтсак болот. Ошондой эле кир жууганга ылайыкташкан самындар менен дене бойду жуубай эле койгон дурус. Ошондой эле самынга суу тийип калып кетсе, ал эзилип калат. Мындай учурда самындын ошол жерине түрдүү зыяндуу бактериялар уялап алган болот. Негизи үйдө суюк самын колдонгон туура",— деди Ыбышева.

Эпидемиолог самын сатып аларда анын жарактуулук мөөнөтүнө да байкоо салуу ашыкча болбой турганын кошумчалады.

Подкасттын толук варианттын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0