Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумабаев: фейк менен күрөштү шылтоолоп сөз эркиндигин чектөөгө умтулушууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМедиа эксперт Авланбек Жумабаев
Медиа эксперт Авланбек Жумабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Жазылуу
Медиа эксперт Авланбек Жумабаев "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бардык регламенттерин бузуу менен кабыл алынганын белгиледи.

Жалган, анык эмес маалыматтар менен күрөштү шылтоолоп, сөз эркиндигин чектөөгө умтулушууда. Бул тууралуу Авланбек Жумабаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жумабаев: фейк менен күрөштү шылтоолоп сөз эркиндигин чектөөгө умтулушууда

Анын айтымында, Конституцияга ылайык, өлкөдө сөз эркиндигин, ЖМК ишмердигин чектөөгө багытталган мыйзамдар кабыл алынбашы керек.

"Алгач "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын тарыхына кайрылалы. Бул көчүрүлүп алынган, плагиат мыйзам. Ошондой эле Конституцияга каршы келет. Себеби анда сөз эркиндигин жана ЖМКнын ишин чектеген мыйзамдар кабыл алынбашы керек деп жазылып турат. Мындан тышкары, ал Жогорку Кеңештин бардык регламенттерин бузуу менен кабыл алынды. Себеби буга чейин аталган мыйзам сунушталып, экс-президент тарабынан вето коюлган. Ошондон кийин 10 күндүн ичинде тийиштүү комиссия түзүлүп, президент белгилеген кемчиликтерди жоюп иретке келтирүү зарыл эле. Бирок бир жыл бул мыйзам тууралуу айтылбай тынчып калган. Анан эле күтүүсүз кайрадан көтөрүп чыгып, 30-июнда Жогорку Кеңеште жетиштүү добуш ала албай палата тарабынан четке кагылган. Ошентсе да тийиштүү регламенттерди бузуу жолу менен кайрылып келип кабыл алышты. Кийин депутаттардын арасынан мыйзамга добуш бербегенин айтып чыккандар болду. Башкача айтканда, фейк маалыматтарды шылтоолоп тийиштүү талаптарды, жоболорду, регламентти бузуп "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамды кабыл алууга умтулушууда. Анткени жалпысынан алганда мыйзамдын ниети жакшы. Бирок аны ишке ашырууга техникалык мүмкүнчүлүк жок. Алсак, бул мыйзамдын аткарылышын жөнгө сала турган Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министрлиги. Алар ишке ашырууга мүмкүндүк жок экенин белгилеп, өз корутундусун берген. Ошондуктан бул сөз эркиндигине коркунуч жараткан мыйзам катары бааланууда", — деди Жумабаев.

Ошондой эле ал жалган маалымат менен күрөшүү үчүн чектөө коюудан башка дагы жолдор, механизмдер бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0