Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алымкулова: "Алтай цивилизациясынын" тарыхы 1958-жылдан башталат

© Sputnik / Асель СыдыковаЭтнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Сынара Алымкулова
Этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Сынара Алымкулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Сынара Алымкулова "Алтай цивилизациясы" илимий долбоору тууралуу кеп салды.

"Алтай цивилизациясы" илимий долбоору алгач 1958-жылы Германиянын Майнц шаарында окумуштуулардын илимий жыйналышы менен башталган. Конференция абдан кызык болгондуктан төрт күнгө созулуп кеткен. Ошол жерден илимпоздор жыл сайын чогулуп, бул теманы талкуулап турууну чечишкен. Бул тууралуу Сынара Алымкулова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Алымкулова: "Алтай цивилизациясынын" тарыхы 1958-жылдан башталат

Анын айтымында, бул долбоордун башында венгер окумуштуусу Денис Сайнер турат.

"Алтай бул географиялык жактан алганда деле Россия Федерациясына караган Алтай Республикасы, Тыва жана Хакасия эле эмес, Чыгыш Казакстан, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык облусу жана Монголия кирет. Алтай цивилизациясы дегенде биз ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолу катары гана карабашыбыз керек. Бул бүтүндөй бир көчмөн маданиятын камтыйт. Алтай цивилизациясына кызыгуу окумуштуулар арасында алгач Германияда башталган. Дүйнөнүн төрт бурчунан көчмөн цивилизацияга кызыккан илимпоздор чогулуп, жыл сайын жыйын куруп турушкан. Кийинчерээк Улуу Британияга, андан соң Америкага ооп, долбоордун башында турган профессор Денис Сайнер Индиана штатынын Бломингтон институтунда урал-алтай элдеринин тилин изилдөө кафедрасын ачкан. Учурда Алтай цивилизациясы боюнча эң чоң китепкана мына ушул жерде. Кийинчерээк Алтай цивилизациясын изилдеген башка бир окумуштуулар тобу пайда болгон. Япония, Түштүк Корея жана түркиялык илимпоздор өзүнчө топ болуп биригип, жыл сайын жыйындарды өткөрө башташкан. Бул экинчи топтун жыйыны 2005-жылы Кыргызстанда да өткөн. Кызыгы, ушул батыш окумуштуулары, чыгыш окумуштуулары жана КМШ мамлекеттеринин илимпоздорунун башын бириктирген "Алтай цивилизациясынын" 61-илимий конференциясы III Көчмөндөр оюндары менен биргеликте бизде өттү. Ошондон тартып дүйнө жүзүндөгү Алтай цивилизациясын иликтеген окумуштуулардын башы бирикти десек болот", — деди Алымкулова.

Окумуштуу быйылкы илимий конференция онлайн-форматта Монголиянын Улан-Батор шаарында өтөрүн кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0