Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бектеналиев: "Манастын уулу Семетей" тасмасын токтотууга мыйзам жол бербейт

© Sputnik / Асель СыдыковаКинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев
Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев тартылып жаткан "Манастын уулу Семетей" тасмасы тууралуу пикирин билдирди.

"Манастын уулу Семетей" тасмасын менчик студия тартууда. Ошондуктан аны токтотууга мыйзам жол бербейт. Бул тууралуу Мукталы Бектеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Бектеналиев: "Манастын уулу Семетей" тасмасын токтотууга мыйзам жол бербейт

Анын айтымында, кинодо кандайдыр бир мыйзамга төп келбеген учурлар кездешсе, тартылып бүткөн соң жабык көрсөтүүдөн кийин сатыкка чыгарбай коюуга мүмкүнчүлүк бар.

"Кыргызстанда чыгармачылык, сөз эркиндиги бар. Ага ылайык, ким кандай чыгарма жаратам десе тыюу сала албайбыз. "Манастын уулу Семетей" тасмасын менчик студия өз каражатына тартууда. Аларды тартпа деп токтотуу мыйзамга туура келбей калат. Бирок "Манас" эпосу өтө чоң, маанилүү. Ага аяр мамиле жасоо керек. Ошол эле Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Мелис Убукеевдер бул темага жоопкерчилик менен мамиле жасаган. Төлөмүш Океев Манас тууралуу тартсамбы деп "Кожожаш" тасмасын тартып көргөн. Мелис Убукеев да бул темага кайрылууну көздөп, кийин даректүү-публицистикалык тасмаларга өтүп кеткен. Ал эми учурда тартылып жаткан "Манастын уулу Семетей" тасмасын көрөлү. Мыйзам боюнча, тартылган кинолор каралат. Эгерде улутка шек келтирген, порнография, зомбулукту пропагандалоо сыяктуу мыйзамга каршы келген жагдайлары болсо чыгарылбайт. Ал эми жакшы тасма тартылып, балдар үчүн тарбиялык мааниси бар болсо элге тартууланат. Тартып жаткандарга сын-пикирлер айтылып, ар кандай сунуштар берилди. Ал тургай жаштар, эл үчүн жакшы тасма болуп калса деген тилек менен Мар Байжиевди чыгармачыл топко кеңешчи кылып алдык", — деди Бектеналиев.

Ошондой эле ал Семетейдин төрөлүшү жана кыргыз элине келген окуялары тартылып жатканын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0