Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Иргашев: Агрардык университетте балык фермасы ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековК.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин биринчи проректору, профессор Алмазбек Иргашев
К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин биринчи проректору, профессор Алмазбек Иргашев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин биринчи проректору, профессор Алмазбек Иргашев демонстрациялык балык фермасынын курулушу аяктаганын айтты.

Балык фермасынын салынышы "КРде балык чарбасы жана аквакультура тармагында билим берүү потенциалын өнүктүрүү жана чыңдоо" долбоорунун негизги компоненттеринин бири болуп саналат. Бул тууралуу Алмазбек Иргашев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Иргашев: Агрардык университетте балык фермасы ачылат

Анын айтымында, балык ферманын курулушун жергиликтүү компания жүргүзгөн.

"Кыргыз улуттук агрардык университетинде Айыл чарба министрлигинин коллегиясы өтүп, балык чарба департаментинин презентациясында акыркы үч жылдын ичинде балык экспорту алты эсе көбөйгөнү айтылды. Бул өлкөбүздө аталган чарбаны өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү бар экенинен кабар берет. Ошондуктан Чыгыш Финляндия университети менен келишим түзүп, балык чарбачылыгы жана аквакультура боюнча эл аралык стандарттагы билим берүү долбоорун иштеп чыгып, бул багытта студенттерди кабыл алып жатабыз. Долбоор Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин каржылоосу менен ишке ашырылууда. Андан тышкары, бул жаатта адистерди даярдоо үчүн университетте жакшы шарттар түзүлдү. 17-августта окуу жайда балык фермасы ачылат. Иш-чарага тиешелүү министрлик, чет өлкөлүк өнөктөштөр катышат. Ал жерде форель жана карп өстүрүлөт. Фермада студенттер балыкты өстүрүүдөн баштап, аны сатып, бизнести алып кетүү боюнча план түзгөндү үйрөнүшөт. Бул долбоорду ишке ашыруу оңойго турган жок, 2-3 жылдын ичинде көп иштер аткарылды", — деди Иргашев.

Ал балык чарбасына кызыккан адистер фермага келип семинарларга катышса болорун кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0