Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айгерчинова: кызматкерлеринин 70%ы эмделген мекеме "жашыл аймакка" кирет

© Sputnik / Асель СыдыковаСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова өлкөдө 3 миллион 400 миң адам эмдөөдөн өтсө жамааттык иммунитет пайда болорун белгиледи.

Эмделгендер 70 пайызга жеткен мекемелерге "жашыл аймак" деген стикер берилет. Бул тууралуу Жылдыз Айгерчинова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Айгерчинова: кызматкерлеринин 70%ы эмделген мекеме "жашыл аймакка" кирет

Анын айтымында, жашыл стикери бар мекеме жамааттык иммунитети бар дегенди түшүндүрөт.

"Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтсө жамааттык иммунитет пайда болорун билдирип келет. Бул 3 миллион 400 миң жаран. Учурда министрлик "Кыргызстан — жашыл аймак" деген демилгени ишке ашырууда. Анын алкагында бизнес структуралар, башка ведомстволор менен иш жүрүүдө. Мисалы, кайсы бир мекеменин же ишкананын жамаатынын 70 пайызы эмдөөдөн өтсө, аларга жашыл стикер берилет. Ал аталган мекемеде же ишканада жамааттык иммунитет бар дегенди түшүндүрөт. Чындыгында эмдөө ыктыярдуу болгону менен калктын дагы көмөгү керек. Себеби пандемия билим берүүгө, экономика, туризм жана башка көптөгөн тармактарга өзүнүн терс таасирин тийгизүүдө. Андан тышкары, ар бир бейтапты дарылоого, реабилитацияга канчалаган каражат кетүүдө. Мунун баарын эске алуу менен калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтсө "Кыргызстан — жашыл аймак" деп мурдагыдай жай турмушка кайтып келүүгө мүмкүн болот эле", — деди Айгерчинова.

Ошондой эле ал вакцина өлкөнүн бардык аймагында жеткиликтүү экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0