Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аскарбеков: күндөн энергия алган станцияны ар ким орнотуп алса болот

© Sputnik / Асель СыдыковаЭксперт по солнечным батареям Бакыт Аскарбеков
Эксперт по солнечным батареям Бакыт Аскарбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Жазылуу
Жашыл технологиялар жаатында серепчи Бакыт Аскарбеков күндөн энергия алуучу станцияны орнотуу жол-жоболору тууралуу айтып берди.

Орто үйлөр үчүн күндөн энергия алуучу станцияны 3-3,6 миң долларга орнотсо болот. Бул тууралуу Бакыт Аскарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Аскарбеков: күндөн энергия алган станцияны ар ким орнотуп алса болот

Анын айтымында, күндөн энергия алуучу панелдер менен кошо аккумулятор дагы орнотуу зарыл.

"Күндөн энергия алуучу станциялар колдонуучуларга энергетикалык көз карандысыздыкты берет. Ал эми бир түтүнгө жетишсиз энергия иштеп чыккан станция болсо, анда муктаждыкка жараша кадимки электр энергиясынан да алып иштете бергенге мүмкүнчүлүк түзгөн технологиялар дагы бар. Мындан тышкары, аккумуляторлорду орнотуп алса, электр энергияны топтоп, күндүн нуру жок учурда колдонууга мүмкүндүк берет. Буларды кубаттуулугу, сапаты жана наркына карап тандап алса болот. Маселен, чакан үй-бүлө күнүнө орто эсеп менен 3-5 кВт саат электр энергиясын колдонот. Ал жарык, муздаткыч, телевизор, сигнализацияга дейре иштетүүгө жетет. Үч кВт саатка болжол менен 10 панель күнгөй тарапка орнотулат. Учурда Кыргызстандагы бир кВт саат электр энергия чыгарган станциянын баасы орточо эсеп менен 1-1,2 миң доллар. Ошондо орто үйгө болжол менен үч кВт сааттык станция орнотулса, 3-3,6 миң доллардын тегереги болот. Анан муну баасы аккумулятордун саны, кубаттуулугуна жараша өсөт", — деди Аскарбеков.

Ошондой эле ал күндүн нурунан алынган энергия жарандардын колдонуусунан ашса, сатууга дагы мүмкүнчүлүк түзүлө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0