Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Марсбек уулу: быйыл тоют каатчылыгы болбойт

© Sputnik / Асель СыдыковаЗаместитель министра сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Илич Марсбек уулу
Заместитель министра сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Илич Марсбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу өткөн жылга салыштырмалуу быйыл тоют үчүн чөп 14 пайызга төмөн чогултулганын айтты.

Чөптүн түшүмдүүлүгү жылдагыдан төмөнүрөөк болду. Бирок бул каатчылык жаралат дегенди билдирбейт. Быйыл өлкөдө тоют жетиштүү. Мындай билдирүүнү Илич Марсбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып жасады.

Марсбек уулу: быйыл тоют каатчылыгы болбойт

Анын айтымында, жакында эле Өзбекстандан Кыргызстанга 2,5 тонна тоют үчүн чөп сатып алынган.

"Табияттын шартына байланыштуу быйыл чөп, беде жылдагыдан азыраак болду. Ошонун кесепетинен Ош, Баткен облустарында бир учурда бир түктүн баасы 400 сомго чыгып кетти. Бирок азыр нарк турукташтырылып, кайрадан 200-250 сомго түштү. Мындай көрүнүш, тилекке каршы, такталбаган маалыматтардан улам келип чыкты. Эл арасында "90-жылдардагыдай жут болот, тоют тартыштыгы жаралат экен" деген жасалма маалыматтар тарап кетти. Чынында абал анчалык коркунучтуу эмес. Былтыркыга салыштырмалуу чөп 14 пайызга гана аз болду. Андыктан биз дыйкандарга экинчи түшүм катары жүгөрү себүүнү сунуштап, үрөн тараттык. Бир топ фермерлер бул идеяны колдоп, учурда силоско деп сепкен жүгөрүлөрү бар. Мындан сырткары, былтыр аябай эле жаанчыл болуп, тоют кенен жеткен. Артып, короолоруна жыйып койгон да фермелерибиз бар. Ошондой эле кургакчылык Ысык-Көл, Чүй облустарында гана болбосо, Нарын, Талас, Жалал-Абад аймактары мындай климаттык шартка кабылган жок. Мындан сырткары, Өзбекстандан чөп сатылып келип жатат. Министрлик бюджеттен 30 миллион сом бөлүп берсе 2000 тоннадай арпаны материалдык резервге алып коюуну да пландап жатабыз. Бул аракеттер кыш узак же оор болгон учурда колдонууга керектелет. Айтор, быйыл тоют тартыштыгы болот деп кооптонууга негиз жок",— деди Марсбек уулу.

Аткаминер, мындан сырткары, тоют экспорттоого тыюу салынганын жана импорттогон ишкерлерден салык алынбай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0