Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Таштанов: учкуч болууну каалагандардын ден соолугу талапка төп келбей жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКуралдуу күчтөрдүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн кол башчылыгынын авиация боюнча орун басары, полковник Акимжан Таштанов
Куралдуу күчтөрдүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн кол башчылыгынын авиация боюнча орун басары, полковник Акимжан Таштанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Куралдуу күчтөрдүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн кол башчылыгынын авиация боюнча орун басары, полковник Акимжан Таштанов учкучтарды окутуу маселеси тууралуу айтып берди.

Кыргызстанга учкучтар чет өлкөдөн окуп келишет. Ал үчүн жылына квота бөлүнүп, учкуч болууну каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли жана ден соолугу текшерилет. Бул тууралуу Акимжан Таштанов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Таштанов: учкуч болууну каалагандардын ден соолугу талапка төп келбей жатат

Анын айтымында, өлкөдө аскердик авиация жаатында адистерди даярдоого шарт жок.

"Союз урагандан кийин бардык байланыштар үзүлдү. Аскердик авиация тармагындагы билим берген адистер дагы башка өлкөлөргө кетишти. Натыйжада учкучтар Россия, Казакстан өлкөлөрүнөн окутулат. Авиациялык билим берүү үчүн көп каражат талап кылынгандыктан бул багытта билим берген мекемени кармоо деле экономикалык жактан максаттуу эмес. Ошондуктан алар чет өлкөлөрдөн окуп келишет. Ал үчүн Коргоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, квота бөлүнөт. Ага ээ болуу үчүн учкуч болууну каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли жана ден соолугу текшерилет. Тилекке каршы, жылдан-жылга каалоочулардын көбүнүн ден соолугу талапка жооп бербей калууда. Бул 90-жылдардагы элдин жашоо-турмушунун оор болгонуна байланыштуу ден соолукка кам көрүү начарлап кеткенинен улам болушу ыктымал", — деди Таштанов.

Ошондой эле ал өлкө чакан болгондуктан анчалык деле көп учкучка муктаждык жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0