Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Төлөгөнов: эстелик тургузуу аракетин баштадык, бирок жер бөлүнө элек

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз элинин чыгаан калемгери Төлөгөн Касымбековдун уулу Расул Төлөгөнов
Кыргыз элинин чыгаан калемгери Төлөгөн Касымбековдун уулу Расул Төлөгөнов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Кыргыз элинин чыгаан калемгери Төлөгөн Касымбековдун уулу Расул Төлөгөнов жазуучунун эстелигин тургузуу иштерин баштаганын айтты.

Учурда эстелик коюуга ар кайсы уюмдар, жеке инсандар жардамын берерин айтып жатышат. Бирок уулу болгондуктан өзүм демилге көтөрүп эстеликке каражат чогултканым уят болуп калат го. Буга чейин башка белгилүү инсандардын эстелигине каражат топтоп, жардам берип эле келгенбиз. Өзүңө келгенде тартынып калат экенсиң. Туугандар болуп негизги каражатты өзүбүз эле көтөрөт окшойбуз деп жатабыз. Бирок суроо дагы деле ачык бойдон турат. Бул тууралуу Расул Төлөгөнов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Төлөгөнов: эстелик тургузуу аракетин баштадык, бирок жер бөлүнө элек

Анын айтымында, жетиштүү деңгээлде каражат жумшалбай эстелик начар жасалып калабы деген чочулоо бар.

"Алгач атамдын туулган күнүнө карата 15-январда анын 90 жылдык мааракесине арналган "Төлөгөн Касымбеков – кыргыз тарыхый романистикасынын залкары" аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык онлайн-жыйын "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясында өткөрүлдү. Ошол датадан баштап Маданият министрлиги тарабынан ар кайсы аймактарда иш-чаралар өтө баштады. Жалал-Абадда жаңы ачылган паркка Касымбековдун атын берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, чечим чыкканын угуп жатабыз. Жалпысынан мамлекет, жергиликтүү бийлик тарабынан кандай иш-чаралар өткөрүлөрү тууралуу толук маалыматыбыз жок. Учурда жакындары атамдын эстелигин тургузуу иштерин баштадык. Бул нерсе бир эле жылдын ичинде аткарылып калчу иш эмес. Азыр скульптор Тамила Маматовага кайрылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эстеликтин эскиздерин жасап жатабыз. Эң негизгиси туулган жеринде болобу же борбор калаадагы коомдук жайлардабы, мамлекет эстеликти кое турган жерди бөлүп бериши маанилүү болуп турат. Мына, атамдын дүйнө салганына 10 жыл болду. Бул нерсе мурда эле жасалышы керек эле. Азыр өкмөттүн жазуучуга эстелик коюу планы бар-жогун билбейбиз. Пандемия, бийлик бутактарынын тез-тез алмашышы, дегеле акыркы кырдаалдан улам алардын убактысы бизге жетпей жатабы деп ойлойт экенсиң", — деди Төлөгөнов.

Ал Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" китеби орус, кыргыз тилинде кайрадан басылып чыкканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0