Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бакиридин кызы: баланын үйдө сабак окууга ыңгайлуу партасы болушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСпорттук медицина жана физикалык реабилитация боюнча дарыгер Жаңылмырза Бакиридин кызы
Спорттук медицина жана физикалык реабилитация боюнча дарыгер Жаңылмырза Бакиридин кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Спорттук медицина жана физикалык реабилитация боюнча дарыгер Жаңылмырза Бакиридин кызы мүмкүн болсо ар бир баланын үйдө сабак окууга ыңгайлуу партасы болушу керектигин айтты.

Бала мектепте бир нече саат убакыт өткөрсө, калган учурда үйдө болот. Андыктан үй-бүлө мүчөлөрүнүн ага болгон таасири көбүрөөк. Өзүн алып жүрүүнү, түз отуруп, тыкан болууну жакындарынан үйрөнөт. Бул тууралуу Жаңылмырза Бакиридин кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бакиридин кызы: баланын үйдө сабак окууга ыңгайлуу партасы болушу керек

Анын айтымында, баланын омурткасы кыйшайып, дене түзүлүшүндө мандем болсо дарыгерлерге алып баруу зарыл.

"Балага үйдө сабак окууга ылайыктуу, өзүнө жараша ыңгайлуу орундук даярдап берген оң. Белин түздөп отурушу үчүн жөлөнгүчү бар, буту жерге тийип, жарык туура берилгендей шарт болушу зарыл. Мына ушунда бала туура отурганды үйрөнөт. Эгерде өзүнө ылайыксыз, мисалы, атасынын столуна отуруп алган болсо, кыйшайып отуруп алат да, ал адат болуп калышы ыктымал. Эгер финансылык маселелер болсо, бир жолу чыгынып трансформер парта алып коюп, аны бала өскөн сайын чоңойто берсе болот. Пандемияда үйдө окуган балдар кандай кыйналганын көрдүк. Жатып-туруп, бүктөлүп отуруп алып эле окуп жатышты. Мунун баары баланын омурткасына, жалпы эле өсүүсүнө таасир этет. Ошону менен бирге бала активдүү болгону дурус. Күнүнө жок дегенде бир жолу ата-энеси менен сейилдеп, велосипед, самокат тээп турса булчуңдары иштеп, сергек, күчтүү болот. Андан тышкары, баланын кызыкчылыктарын эске алуу менен кошумча ийримдерге берген жакшы. Ал эми мектепке жаңы барып адаптация боло албай жатканда ийримге берип, дагы башка чөйрөгө аралаштыруу туура эмес. Бул баланы стресске кептейт", — деди Бакиридин кызы.

Адис бала менен чоң адамдардай сүйлөшүү, түшүндүрүү жакшы натыйжасын берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0