Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Исмаилова: аялдар курултайы үч облуста өткөрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЧүй районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү Эльза Исмаилова
Чүй районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү Эльза Исмаилова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Чүй районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү Эльза Исмаилова республикада аялдардын көйгөйлөрүн чагылдырган алгачкы курултай өтүп жаткандыгын айтты.

Бүгүн, 25-августта, өлкө боюнча алгачкы жолу аялдар маселелерин чагылдырган курултай өтүүдө. Аталган иш-чара Чүй облусун камтыйт. Бул тууралуу Эльза Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Исмаилова: аялдар курултайы үч облуста өткөрүлөт

Анын айтымында, аталган иш-чара Ош жана Нарын облустарында да өтөт.

"Мындай курултай өлкөдө биринчи жолу уюштурулуп жатат. Максаты —  бардык маселелерди чечүүдө, аткарууда аялдар да өз салымын кошо аларын коомчулукка жеткирүү. Биз "кыргызстандык кыз-келиндер кысымга алынып жатат" дегенден же башка бир гендердик көз караштарды жайылтуудан алыспыз. Курултайда аялдар көп кабылган социалдык тармактардагы көйгөйлөр тууралуу сөз болот. Ошол эле ички, тышкы миграция, саламаттык сактоо жана экология маселелери. Теманы да ар кайсы аймак өзүндө болуп жаткан орчундуу маселелердин алкагында тандап ала берсе болот. Чүй облусунда өтүп жаткан курултайга негизинен ушул багыттар боюнча докладдар окулуп, угуучу катары Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин өкүлдөрү, акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары жана демилгелүү ыктыярчылар катышат. Чүйдөн кийин Ош жана Нарын облустарында да өтөт", — деди Исмаилова.

Ал мындай курултайларды эки жылда бир өткөрүп туруу мерчемделгенин жана келечекте башка облустарда да өткөрүлөрүн кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0