Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Усеналиев: эмделбеген мугалимдер окуучулар менен иштей албайт

© Sputnik / Асель СыдыковаМектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев
Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев 15-сентябрда бардык билим берүү мекемелеринде окуу кадимки тартипте башталарын белгиледи.

Эмдөө албаган мугалимдерге окуучулар менен иштөөгө уруксат берилбейт. Бул тууралуу Марат Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Усеналиев: эмделбеген мугалимдер окуучулар менен иштей албайт

Анын айтымында, 15-сентябрга чейин мугалимдердин 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү зарыл.

"2021-2022-окуу жылын 15-сентябрдан баштоо чечими кабыл алынды. Мунун себеби 1 миллион 300 миңден ашуун окуучунун коопсуздугун камсыздоо негизги максат болду. Ал үчүн мугалимдердин 70 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү зарыл. Учурда 60 пайызга чукулу вакцина алды. Бул боюнча коомчулукта "мугалимдерди эмдөөгө мажбурлоодо, эмдөө албагандарга маянасын берилбейт экен" деген ар кандай кептер айтылууда. Эч ким мажбурланган жок. Болгону эмдөөдөн өтпөгөн мугалимдерге окуучулар менен иштөөгө уруксат берилбейт. Анткени билим берүү тармагында эмгектенгендер коомдун эң аяр катмары болгон балдар менен иштеп жатканын эске алышы керек. Мына быйыл 156 миң 430 бала биринчи класска кабыл алынганы турат. Бул чоң жоопкерчилик, тийиштүү даярдыктар көрүлүшү шарт", — деди Усеналиев.

Ошондой эле ал окуучуларды кабыл алуу үчүн тийиштүү алгоритмдер иштелип чыкканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0