Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сулайманов: IT-адистерге болгон муктаждык күн санап өсүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековIT-специалист Нургазы Сулайманов
IT-специалист Нургазы Сулайманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
IT-адис, програмалоо боюнча окутуу борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири Нургазы Сулайманов миграция көйгөйүн IT тармагы аркылуу чечсе боло турганын айтты.

Кыргыздардын баары программист болуп кетсе дагы дүйнөдө аталган тармакта талап күч бойдон калат. Мындай пикирин Нургазы Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Сулайманов: IT-адистерге болгон муктаждык күн санап өсүүдө

Анын айтымында, миграция өлкөдө жумушсуздуктан улам келип чыгууда.

"Ал эми IT тармагында жумушчуларга болгон муктаждык күн санап өсүүдө. Кыргыздардын баары программист болсо дагы бул тармактагы адистерге болгон муктаждык жоюлбайт. Учурда Кыргызстан дүйнөлүк рынокто аталган тармактагы потенциалын толук кандуу ача элек. Программалоого чет өлкөдө жүргөн мигранттар деле аралыктан окуп, үйрөнүп алса болот. Натыйжада IT аркылуу миграция көйгөйүн чечип, ал тургай өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк бар", — деди Сулайманов.

Ошондой эле ал өз алдынча билим алуу менен программалоону үйрөнүп иш табууга мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0