Кадрдык саясат боюнча эксперт Самат Ашымов

Ашымов: эгемендүүлүктөгү эң чоң катабыз партмектепти жок кылганыбыз

38
Кадрдык саясат боюнча эксперт Самат Ашымов өлкө эгемендүүлүк алгандан тарта жүргүзүлгөн кадрдык башкарууга токтолду.

Эгемендүүлүктү алгандагы мамлекетти башкарууда кетирген эң чоң каталардын бири бул партиялык мектептен баш тартуубуз болду. Мындай пикирин Самат Ашымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Ашымов: эгемендүүлүктөгү эң чоң катабыз — партмектепти жок кылганыбыз

Анын айтымында, тескерисинче, партиялык мектептин системасын колдонуу менен кадрдык саясатты жүргүзүү керек эле.

"Советтер Союзунда партиялык мектеп күчтүү эле. Мына ушул жолго салынып калган системадан баш тартпай, Кыргызстан эгемендүүлүктү алганда өзүнө ылайыкташтырып улантып кетсе болмок. Мамлекеттүүлүгүбүздү жар салгандан кийинки эң чоң ката ушул болду. Партиялык мектептен баш тартуу менен мамлекеттик башкаруу кызматтарына тууган-урук, тааныш-билиш аркылуу келгендер көбөйдү. Бул өз кезегинде иштин сапатын төмөндөтүп, өлкөнүн экономикасына эле эмес, бардык тармактарга терс таасирин тийгизди. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин эле мындан арыла албай келебиз", — деди Ашымов.

Эксперт эгемендүүлүк жаңы колго тийген жылдары илимий чөйрөдөгү адамдарды башкаруу системасына аралаштыруу тажрыйбасы да катачылык болгонун кошумчалады.

38
Белгилер:
Самат Ашымов, эгемендүүлүк, башкаруу, мамлекет
Тема боюнча
Исмаилова: аялдар курултайы үч облуста өткөрүлөт
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов. Архивдик сүрөт

Бактыгулов: преференциялуу система партиянын ичиндеги интриганы күчөтөт

38
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов шайлоонун жыйынтыгы ар бир жарандын жоопкерчилигинен көз каранды экенин белгиледи.

Преференциялуу шайлоо системасы партиянын ичиндеги интриганы күчөтөт. Анткени алар партиялаш эмес, атаандаш болуп калат. Бул тууралуу Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Бактыгулов: преференциялуу система партиянын ичиндеги интриганы күчөтөт

Анын айтымында, мындан улам депутат болууга үмүттөнгөндөрдүн ортосунда маалыматтык согуш күч алышы ыктымал.

"Преференциялуу шайлоо системасы партия ичиндеги интриганын күч алышына шарт түзөт. Анткени партиянын ичиндеги 54 талапкер кесиптеш эмес, бири-бири менен атаандаш. Саясий партия аркылуу аттанып жатканы үчүн каражатты азыраак коротот. Себеби бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болгондор өз чөнтөгүнөн акча чыгарышат. Ал эми партиядан аттанганда жалпы каражаттан төлөнөт. Бул жагынан алганда партиянын ичинен бир-эки кишинин гана электораты бар болсо, калгандары добуш үчүн күрөшүшү керек. Мисалы, үч талапкер өз аймактарынан беш миңден добуш алып келсе, кимисине мандат бериле турганы кантип чечилет? Ушундайлардан 20 адам болсочу? Албетте, бири-бирин коркутуп, каражат берип интрига жүргүзүш керек болот. Мына ушул жагдайлар толугу менен чечилген эмес. Ошондуктан алдыда келе жаткан шайлоодо партиялар арасында, ошондой эле партиянын ичинде дагы маалыматтык согуш күч алат", — деди Бактыгулов.

Саясат таануучу көптөр шайлоого катышпаганы үчүн сабатсыз депутаттар шайланып жатканын кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

38
Белгилер:
Шерадил Бактыгулов, шайлоо, саясат, саясый партия
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Усупбекова: округдук шайлоого катышуу үчүн бир жерде үч ай жашоо керек
Инвестиция министрлигинин инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Арипов

Арипов: жарым жылда инвестициянын көлөмү 95,4%га өстү

21
Инвестиция министрлигинин инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Арипов чет өлкөдөн келген акчанын көлөмү жарым жылда 95,4 пайызга өскөнүн айтты.

Быйыл сырттан кирген жалпы инвестициянын көлөмү 321 миллион 230 миң долларды түздү. Мындай маалыматты Нурлан Арипов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Арипов: жарым жылда инвестициянын көлөмү 95,4%га өстү

Анын айтымында, инвестициялардын көбү Кытай, Түркия, Улуу Британия, Канада, Швейцариядан келген.

"Былтыркыга салыштырмалуу, расмий статистика боюнча, чет өлкөдөн келген инвестициянын көлөмү жарым жылда 95,4 пайызга өстү. Былтыр ушул алты айдын ичинде 164 миллион 370 миң доллар болгон. Инвестициялар көбүнчө Кытай, Түркия, Улуу Британия, Канада, Нидерланд жана Швейцариядан келген. Алсак, Кытайдан 101,9 миллион доллар, Түркиядан 62 жана Улуу Британиядан 32,3 миллион доллар келип түштү. МЫндан тышкары, КМШ өлкөлөрүнөн кирген инвестиция жалпы 269,9 миллионду түзгөн. Алардын ичинен Россия менен Казакстандан эң көп суммадагы инвестиция тартылган. Мамлекет башчы иш сапарларын Россия жана Казакстандан баштагандыктан, анын натыйжасы бул тармакта жакшы болууда", — деди Арипов.

Ошондой эле жетекчи сырттан келген инвестициянын эң көп бөлүгү Жалал-Абад облусуна туура келип, 138, 3 миллион долларды түзгөнүн кошумчалады.

21
Белгилер:
инвестициялар, инвестициялык абал, экономика, финансы, Нурлан Арипов
Тема боюнча
Пандемия учурунда Кыргызстанга кайсы өлкөлөр акча салды? Тизме
Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Astana Marathon 2021 Нур-Султан шаарында

Кыргызстандык кыз казакстандык жөө күлүктөрдү артка таштап, алтын алып келди

0
(жаңыланган 22:00 27.09.2021)
Кыргызстандан эки спортчу — Гүлшаной Сатарова жана Илья Тяпкин барган. Алар алтын жана коло медаль менен кайтышты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Нур-Султан калаасында өткөн Astana Marathon 2021 иш-чарасында алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу аталган борбор калаанын акимчилигинин сайтында кабарланган.

Сатаров аялдар арасында 42,2 чакырымды 2 саат 35 мүнөттө чуркап өткөн. Атаандашы андан 21 мүнөт артта калган.

Эске сала кетсек, Сатарова быйыл июнда Алматыдагы жарым марафондо да жеңүүчү болгон эле.

Жарышка катышкандагы бир кыргызстандык спортчу Илья Тяпкин эркектер арасында 02:24:23 убакытта келип, коло медалга ээ болду.

  • Участники марафона Astana Marathon 2021 в Нур-Султане. 26 сентября 2021 года
    Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди
    © Фото / пресс-служба акимата города Нур-Султан
  • Участники марафона Astana Marathon 2021 в Нур-Султане. 26 сентября 2021 года
    Марафон Казакстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган
    © Фото / пресс-служба акимата города Нур-Султан
1 / 2
© Фото / пресс-служба акимата города Нур-Султан
Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди

Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди. Марафон Казакстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган.

Финишке жеткен ар бир марафончуга эстелик медаль тапшырылып, ал эми чогултулган 37 миллион теңге кайрымдуулукка жумшалары айтылды.

0
Белгилер:
Казакстан, Кыргызстан, Илья Тяпкин, жөө күлүк, марафон, медаль, Гүлшаной Сатарова
Тема боюнча
Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан жарым марафон аяктады. Сүрөт
Ошто COVID баштаган ооруларды алдын алууга арналган марафон өттү. Сүрөттөр