Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Асыгалиев: көчмөндөрдүн ат оюндары жоокерликке тарбиялаган

© Sputnik / Табылды КадырбековСпорттун улуттук оюндар боюнча дирекциясынын маалымат катчысы, ат оюндары боюнча комментатор Табылды Асыгалиев
Спорттун улуттук оюндар боюнча дирекциясынын маалымат катчысы, ат оюндары боюнча комментатор Табылды Асыгалиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Спорттун улуттук оюндар боюнча дирекциясынын маалымат катчысы, ат оюндары боюнча комментатор Табылды Асыгалиев Алтайды байырлаган көчмөн элдердин ат оюндарынын маани-маңызына токтолду.

Алтай аймагын жердеген калк көчмөн турмуш кечиргендиктен, жашоосу жылкы менен тыгыз байланышта болгон. Муну азыркы спорттук ат оюндарынан да байкасак болот. Бул тууралуу Табылды Асыгалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Асыгалиев: көчмөндөрдүн ат оюндары жоокерликке тарбиялаган

Анын айтымында, жай турмушта ат оюндары өсүп келе жаткан муунга согуш тактикасын үйрөтүү максатында ойнотулган.

"Алтайды жердеген көчмөн калктын жашоо маданияты абдан терең философияны камтыйт. Алар табият менен таттуу мамиледе болуп, өзүнө керектүү болгон жылкы жаныбарын да аздектеп күткөндү билген. Дайыма көчүп-конуп ат үстүндө жүргөндүктөн, анан да жортуулу көп доор болгондуктан жай турмушта деле бутту сунуп отуруп калган эмес. Ар бир күнү согушка даярдануу менен өткөн. Ошонун негизинде ат оюндары келип чыккан. Кыргызды эле ала турган болсок көк бөрү, ат чабыш, тыйын эңмей, эр эңиш жана башка ушул сыяктуу оюндардын баары жоокер болууга машыктырган, командалык духту, индивидуалдык чыдамкайлыкты, дилгирликти, чапчаңдыкты үйрөткөн. Жарадар болуп калган жолдошун таштап кетпей чаап баратып ала кеткен да көчмөндөр болгон. Аттары да мына ушуга үйрөтүлгөн. Бул тууралуу байыркы грек жазууларында сакталып калган маалыматтар бар. Алар дүйнөнүн дээрлик баарын басып алып, көчмөндөргө күчү жетпей калган. Байыркы легендаларда айтылып жүргөн жарымы адам, жарымы жылкы болгон Кентавр да дал ушул көчмөндөрдөн улам пайда болгон дешет. Анткени грек аскерлери көчмөн жоокерлерди аттан ажыратып көрө албай, шамдагайлыгына таң калып, элесин мына ушундайча түшүрүп калтырышкан экен", — деди Асыгалиев.

Ал саяпкерлик кыргыздарда эле эмес, жалпы көчмөн калкында өзгөчө ардактуу кесип болгонун кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0