Кытайлык кыргыз, төкмө акын, ырчы Акматбек Султан уулу

Султан уулу: улуттук руханий өзөктү өзүбүзгө кайтаруу башкы милдетибиз

39
(жаңыланган 13:39 29.08.2021)
Кытайлык кыргыз, төкмө акын, ырчы Акматбек Султан уулу айтыш өнөрү коомго улуттук баалуулуктарды тартуулаган, баатырларды даңазалай турган өнөр экенин айтты.

Устатым айткандай, күндө ырдап турган менен жылда ырдап тургандын айырмасы бар. Акындык өнөрдүн ээлери штанга көтөргөн спортчудай эле. Күндө оор ташты көтөргөн атлет бара-бара салмакты оңой көтөрө баштайт. Жылына бир көтөрсө белин, колун кайрып, кокустатып алат. Андыктан акын күндө өзүн тапташы керек. Бул тууралуу Акматбек Султан уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Султан уулу: улуттук руханий өзөктү өзүбүзгө кайтаруу — башкы милдетибиз

Анын айтымында, ар бир акын издениши керек.

"Айтыш кыргыз элине берилген абдан керектүү өнөр. Бул өнөрдү бара-бара өнүккөн өлкөлөр да өздөштүрүшү керек деп ойлойм. Азыр технологиянын заманында китеп окуганга убакыт жок. Төкмөлүк өнөр аркылуу жазуучулар жазган ойду, киночулар тарткан тасманы айтып жеткирсе болот. Коңшу Казакстан айтыш аркылуу улуттук идеологиясын, баатырларын, уюткулуу адамдарын, тарыхын коомго даңазалады. Ал эми бизде улуттун баатыры Манас бар. Окуп көрсөм эпосто Европа мамлекеттери жетпеген гумандуулук бар экен. Бир мисал келтирейин, Шооруктун кызы Акылай, шоодураган капырайдын атасы, ошол Шоорук кызы барба десе болбой Манасты торпок кезинде сүзүп, өрт өчкөндөй кылайын деп Алайга бастырып кирет. Шоорук жеңилип качканда кызы алдынан тосуп чыгып, "эми мени жандоочу кыздарым менен аларга тартуу кылыңыз" дейт. Ошондо Манас чоролорун кыз тандатпай, аларды тыйып, тандоо эркиндигин туткунга түшкөн кыздарга берген экен. Мындай гумандуулук кимдин тарыхында бар? Төкмөлөр ушундай баатыр бабаларыбызды даңктап, улуттук руханий өзөктү өзүбүзгө кайтаруу — башкы милдетибиз. Андан башка "Эр Төштүк" жер астындагы жашоону баяндаган чыгарма, "Кожожаш" табиятка болгон мамиле, экологияны коргоо тууралуу дастан. Буларды элге жеткирип, аны жашоодо колдонуу үчүн улуттук өлчөм, стандарт катары кабыл алсак туура болот", — деди Султан уулу.

Акын XIV эл аралык айтыш – 2021 акындар сынагына Жеңижок акындын өзгөчө дүйнөсүн ачкан китептерин окуп даярдык көргөнүн кошумчалады.

39
Белгилер:
айтыш, төкмө, өнөр, улут
Тема боюнча
44 акындан суурулуп... Эл аралык айтышта күч сынашчу 8 төкмө аныкталды
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев

Мурзаев: үй-бүлөдө ынтымак болушу үчүн күн сайын күрөшүү керек

58
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев илим-билим алып жаткан жаштардын арасында үй-бүлө куруу боюнча жаман тенденция бар экенин айтты.

Аялдын жана эркектин психологиясынын ар башка болушу үй-бүлөдө татаал кырдаалды жаратат. Үйдө жакшы мамиле, ынтымак, түшүнүү болуу үчүн күн сайын күрөшүү керек. Бул тууралуу Маматали Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Мурзаев: үй-бүлөдө ынтымак болушу үчүн күн сайын күрөшүү керек

Анын айтымында, жубайлар бири-биринин кемчилигинин үстүнөн иштеши керек.

"Илгертеден эле жар тандоо укугу эркектерде болгон. Салт боюнча ата-эне таптап берүүсү керек эле. Кийин жубай тандоо толугу менен эркектерге өттү. Алар биринчи кезекте кыздардын сулуулугун, дене түзүлүшүн, анан ден соолугун карашат да, андан кийин гана ортодогу мамиле, жашоодогу кызыгуулары, көз караштарынын шайкеш келүүсүнө маани беришет. Булар үй-бүлө курууга, туура жар тандоого негиз боло албайт. Мисалы, сүйүүнү алсак, анын негизги кызматы жигит менен кызды бири-биринин айрым кемчиликтерин көрсөтпөй жакындатуу. Үй-бүлө кургандан кийин жубайлардын мамилеси кыз-жигиттин сүйүүсүнөн да жогору турат. Алардын каны-жаны бир болуп калат. Сүйүшкөндөрдүн каны-жаны бир болбойт. Алар бири-бирине умтулуп гана турат. Аларды ажыраштырып салуу да оңой. Европалык маданиятты көрүп калган кыздар "мен бактылуу болушум керек" дешет. Анын бактылуулук боюнча түшүнүгү күйөөсү, кайнатасы, кайненесинин көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн. Азыр илим-билим алып жаткан жаштардын арасында жаман тенденция бар. Карьера куруп, бутка турушум керек дешет. Алар бутка тургуча жашы өтүп, 30га чыгат. Бул куракта бала-чакалуу болуу татаал жана баланын ден соолугу начар төрөлүшү мүмкүн. Мунун баары эске алынбай калып жатат", — деди Мурзаев.

Психолог жар тандоодо мүнөзү жагынан шайкеш келүүсүн аныктап алуу маанилүү экенин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

58
Белгилер:
үй-бүлө, психология, жар, тандоо, Маматали Мурзаев
Тема боюнча
Тапкан акчасын туугандарына чачып чарчатты. Жолдошуна көз каранды келиндин каты
Бишкек Жылуулук электр борборунун башкы инженеринин орун басары Нурлан Кулжыгачов

Кулжыгачов: Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр

17
Бишкек Жылуулук электр борборунун башкы инженеринин орун басары Нурлан Кулжыгачов Бишкек ЖЭБ күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык пландык негизде аткарылып жаткандыгын айтты.

Күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине жалпысынан 1 миллион 650 миң тонна көмүр керек. Мындай маалыматты Нурлан Кулжыгачов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Кулжыгачов: Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр

Анын айтымында, калкты, анын ичинде социалдык жана башка объектилерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу үчүн тынымсыз иштер жүрүүдө.

"Келе жаткан 2021-2022-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилине өкмөттүн токтому боюнча 1 миллион 650 миң тонна көмүр керек. Анын бир миллион тоннасы жергиликтүү Кара-Кече көмүрү болсо, 643 миң тоннасы импорттолот. Учурда келишимдин баары түзүлүп, коюлган графиктин негизинде келип жатат. Кампада 225 миң тонна көмүр бар. Мындан тышкары, биздин ишканада 17 буу казан, тогуз буу агрегатыбыз бар. От казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо белгиленген мөөнөтүндө аткарылып жатат", — деди Кулжыгачов.

Ошондой эле адис Бишкек Жылуулук электр борбору республикадагы электр энергиясынын 15 пайызын камсыз кыларын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

17
Белгилер:
Бишкек, жылуулук, электр жарыгы, жылытуу маалы, ысык суу
Тема боюнча
Суу тартыштыгы. Министрлик элди көмүр менен газ камдоого чакырды
Ок атуу болгон Россиянын Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин жаныдагы полиция кызматкерлери

ТИМ: Пермдеги ЖОЖдо ок жегендердин арасында кыргызстандыктар жок

0
(жаңыланган 00:29 21.09.2021)
Кечээ, 20-сентябрда, Пермдеги жогорку окуу жайдын студенти имараттын ичиндегилерге ок чыгарган. Бир нече убакыттан соң полиция аны жарадар кылып, кармаган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россиянын Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

"Пермь аймагынын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, 2021-жылдын 20-сентябрында Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 26сы жаракат алган. Ок чыгарган студент полиция кызматкери окуя болгон жерге барганда аны көздөй бир нече ирет аткылаган. Тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, мылтыгын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн. Жыйынтыгында ок чыгарган студент кармалган.

0
Белгилер:
Россия, Пермь, студент, ок атуу, полиция
Тема боюнча
Пермдеги элди аткан студент полиция кызматкерине да ок чыгарган. Чоо-жайы
Жапаров Путинге Пермдеги окуя боюнча көңүл айтты