Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сулайманов: программалоону үйрөнүү үчүн тил билүү негизги талап эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековIT-специалист Нургазы Сулайманов
IT-специалист Нургазы Сулайманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
IT-адис, программалоо боюнча окутуу борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири Нургазы Сулайманов программалоону үйрөнүү үчүн эмне керектигин айтып берди.

Программалоону үйрөнүү үчүн тил билүү негизги талап эмес. Бирок чет тилди билгендер үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр ачылышы ыктымал. Бул тууралуу Нургазы Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Сулайманов: программалоону үйрөнүү үчүн тил билүү негизги талап эмес

Анын айтымында, тилди билүү тапшырык алууда мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.

"Программалоону үйрөнүү оңой эмес, бирок үйрөнсө болот. Ал үчүн эч кандай кошумча жөндөм, таланттын кереги жок. Мисалы, мындан эки жыл мурда алыскы аймактардан бир бала келди. Эне тилинен башка кошумча тил билбейт. Компьютерди ошондо биринчи жолу колдонду. Ошол бала учурда программалоону үйрөнүп иштеп жүрөт. Муну менен бул тармакта натыйжага жетишүү үчүн аракет гана керек экендигин айтмакчымын. Тил маселесине келсек, эгерде орус тилин билсе, КМШ мамлекеттеринен тапшырыктарды алып иштегенге мүмкүндүк бар. Ал эми англис тилин билгендерге бүт дүйнө боюнча кардар табууга шарт түзүлөт. Кошумча тилди билүү мына ушул тапшырык алууда сүйлөшүү үчүн зарыл болушу ыктымал. Ал эми программалоону үйрөнүү үчүн аларды билүү негизги талап эмес. Айрымдар математиканы жакшы окугандар гана IT-адис боло алат деген жаңылыш ойдо болушат. Албетте, математика логиканы өздөштүрүп, программалоону үйрөнүүгө жөндөм кошушу ыктымал. Бирок бул дагы негизги талап болуп саналбайт. IT абдан көп тармактарга бөлүнөт. Бул тармактын маркетологу, долбоор жетекчилери, SMM адистери бар. Андыктан IT десе эле отуруп алып код жазууну түшүнбөш керек. Код жазууга жөндөмү жок болсо дагы башка кесиптерин жөндөп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан жаштар эч тартынбастан бул тармакка баш бага бериши керек", — деди Сулайманов.

Ошондой эле ал келечекте бардык адистиктерге программалоону билүү негизги талап болуп калышы ыктымал экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0