Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев

Кожоев: Казань федералдык университетинин филиалы Караколдо ачылат

67
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев Каракол шаарына Казань федералдык университетинин филиалы ачыла турганын айтты.

Татарстанга болгон иш сапарда эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Ага ылайык, Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Казань федералдык жогорку окуу жайынын филиалын ачуу макулдашылды. Бул тууралуу Мирбек Кожоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Кожоев: Казань федералдык университетинин филиалы Караколдо ачылат

Анын айтымында, аталган билим уясы Ысык-Көлдө төрт факультетти ишке киргизүүнү пландап жатат.

"Петр Iнин заманында курулган, тарыхы бай, басып өткөн жолу кенен Россияда эле эмес, эл аралык деңгээлдеги беделдүү жогорку окуу жайлардын бири Казань федералдык университетинин филиалы бизде ачылып жатканына кубанып турабыз. Бул жерде В.И. Ленин, Л.Н. Толстой жана башка бир топ тарыхый инсандар билим алган экен. Учурда 60 миңден ашуун студент окуп, 700дөн ашык билим корпусу бар. Материалдык-техникалык базасы да мыкты. Аталган окуу жай менен 2/2 форматында окутууга макулдаштык. Бул биздин студенттер алгач эки жыл Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуп, кийинки эки жылын Казань федералдык окуу жайында улантат дегенди түшүндүрөт. Азырынча төрт багытта билим берүүгө жетишилди. Атап айтсак, фармакология, теология, IT жана тоо-кен тармагы боюнча студенттер кабыл алынат. Бүтүрүүчүлөр эки мамлекеттин дипломуна ээ болот", — деди Кожоев.

Ал учурда Россия тараптын документтик иштери жыйынтыкталып, Кыргызстанда юридикалык маселелери чечилип жатканын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

67
Белгилер:
Мирбек Кожоев, Университет, Казань, Ысык-Көл
Тема боюнча
Ысык-Көлдүн башчысы Кожоев: жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлерди чакырабыз!
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Артур Медетбеков. Архив

Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот

0
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Артур Медетбеков Афганистандагы абалдан улам ЖККУнун аскердик окутуулары көбөйгөнүн белгиледи.

ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга өзүнүн алар менен күрөшүүгө даярдыгы тууралуу белги болот. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ЖККУ жылына ар кандай багыттагы окутууларды өткөрүп турат.

"Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун машыгуулары жөн эле окутуу эмес. Анда байланыш системасын, штабдын башкаруусун, куралдардын колдонулуусу, жаңы куралдардын эффективдүүлүгү, аймактагы рельефке жараша кайсы атуучу куралдарды колдонуу окутулат. Аны көргөн террордук топтордун чалгынчылары уюм терроризм менен күрөшүүгө канчалык даярдыгын билип, кооптонуп турушат. Натыйжада жакынкы убакта же келечекте кандайдыр бир деңгээлдеги чатактарды чыгаруудан сестенишет", — деди Медетбеков.

Ошондой эле ал ЖККУнун Тажикстанда, Кыргызстанда бирден, Россия, Казакстанда экиден батальону бар экенин кошумчалады.

0
Белгилер:
Артур Медетбеков, ЖККУ, Россия, коопсуздук
Тема боюнча
ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтер. Тизме
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев. Архив

Жылкыбаев: мыйзам көрсөткөн убакытка чейин үгүт жүргүзгөндөр жазаланат

4
(жаңыланган 11:09 21.09.2021)
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев мыйзамда көрсөтүлгөн убакытка чейин үгүт иштерин баштагандар талапкер катары катталбай турганын айтты.

Жабык реклама методуна салып, эксперттердин пикири же дагы башка деген таризде мыйзамда көрсөтүлгөн убакытка чейин үгүт иштерин жасагандар жазаланат. БШКнын аларды талапкер кылып каттабай коюу укугу бар. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Жылкыбаев: мыйзам көрсөткөн убакытка чейин үгүт жүргүзгөндөр жазаланат

Анын айтымында, кандайдыр бир эл чогулган жерлерде азыртадан үгүт иштерин жүргүзүп жаткандарды жарандар видеого тартып БШКга жиберсе болот.

"Мыйзамда үгүт иштерине бир ай убакыт бөлүнгөн. Ал шайлоо өтөр күнгө толук бир ай калганда башталат. Быйыл бул октябрдын соңку күндөрүнө туура келет. Эгер кимдир бирөө ушул убакытка чейин ар кандай иш-чараларда өздөрүн агитациялап же ачык эле элди чогултуп алып "мени шайлап койгула" деп жатса, алар талапкер катары катталбайт. Бирок муну далилдеген видеолор болушу шарт. Видеого ар бир эле кыргызстандык тартып, БШКга жиберсе болот. Ошону менен катар эле учурда иштеп жаткан депутаттар тигил же бул аймакка барып, мекемелердин ачылышына же башка иштерге катышып кала турган болсо, биз аларды тыя албайбыз. Анткени бул эл өкүлдөрү, учурдагы ишмердүүлүгүнүн негизинде барып жатат", — деди Жылкыбаев.

Ал социалдык тармактарда белгиленген убакыттан эрте үгүт иштерин баштаган бир мандаттуу талапкерлер да, партиялар да мыйзам чегинде жазаланып, талапкерлик тизмеден четтетилерин кошумчалады.

4
Белгилер:
Узарбек Жылкыбаев, шайлоо, Жогорку Кеңеш, мыйзам, үгүт
Тема боюнча
Жактырган талапкерге добуш бере аласыз. Парламенттик шайлоодогу жаңы эреже