Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров

Бакиров: өспүрүмдөр 17 жашында жүйөлүү себептер менен турмуш кура алат

69
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров өспүрүмдөр 16-17 жаштан тарта кандай укуктарга ээ болорун айтты.

17 жаштагы өспүрүм жеңил унаа айдоо үчүн айдоочунун күбөлүгүн алууга укуктуу. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.

Бакиров: өспүрүмдөр 17 жашында жүйөлүү себептер менен турмуш кура алат

Анын айтымында, өспүрүм мотоцикл колдонуу үчүн айдоочунун күбөлүгүн 16 жашка толгондо ала алат.

"Өспүрүм 16 жашка толгондо кайсы бир мыйзамды бузса жазык жоопкерчилигине тартылат. Эреже катары өспүрүм менен ювеналдык сот адилеттиги ченеминде иш жүргүзөт. Ошондой эле ушул куракка толгондо Кыргыз Республикасынын паспортун алышы зарыл. Документтерден мотоцикл колдонуу үчүн айдоочулук күбөлүк дагы 16 жаш курактан тарта берилет. Ал эми жеңил унаа колдонуу үчүн айдоочулук документти өспүрүм 17 жаштан алууга укуктуу. Мындан тышкары, ушул курактагылар жүйөлүү себептер менен турмуш кура алат", — деди Бакиров.

Ошондой эле ал 17 жаштагы жигиттер аскердик эсепке катталуусу үчүн комиссиядан өтүп, тийиштүү күбөлүк алуусу зарыл экендигин кошумчалады.

69
Белгилер:
Артур Бакиров, юрист, мыйзам, жаш курак
Тема боюнча
Юрист 10 жашка чейинки балдардын укук, милдеттерин санап берди
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Кошулган нарктын агро азык-түлүк чынжырчасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Марат Асыпбеков

Асыпбеков: логистикалык борбор курган ишкерлер мамлекеттен колдоо табат

53
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Кошулган нарктын агро азык-түлүк чынжырчасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Марат Асыпбеков өлкөдө 23 соода-логистикалык борбор куруу планда бар экендигин айтты.

Соода-логистикалык борборду курууну колго алган ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, жеңилдетилген салык формасын колдонушат. Мындай маалыматты Марат Асыпбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Асыпбеков: логистикалык борбор курган ишкерлер мамлекеттен колдоо табат

Анын айтымында, өлкөдөгү 12 соода-логистикалык борбордун көбү эл аралык стандарттарга дал келбейт.

"2015-2017-жылдар аралыгында Айыл чарбасын соода-логистикалык багытында өнүктүрүү жана уюштуруу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. 2018-жылы аталган концепция программага айланып, 2019-2023-жылдарга чейин түзүлгөн. Учурда биз ушул программа боюнча иштеп, анын алкагында 12 логистикалык борбор курулду. Эми республиканын аймактарында дагы 23 борбор ачуу пландалып жатат. Соода-логистикалык борбор ачууну каалаган ишкер мамлекет тарабынан колдоого ээ болуп, салыктан бошотулат же жеңилдетилген формада колдоно алат. Борборлорду куруу үчүн абдан көп каражат керектелгендиктен, Азия өнүктүрүү банкынан гранттык негизде 100 миллион АКШ доллары бөлүнүп, анын 50 миллиону айыл чарбасын өнүктүрүүгө берилери айтылды. Ага ылайык, ар бир облуста бирден логистикалык борбор куруу пландалууда. Алар Бишкек, Токмок, Каракол, Кызыл-Кыя шаарларында, Сузак, Кара-Суу райондорунда уюштурулары каралууда", — деди Асыпбеков.

Ошондой эле адис эл аралык стандартка жооп берген соода-логистикалык борборлордун ачылышы ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба продукцияларын оңой экспорттоого жол ачыларын кошумчалады.

53
Белгилер:
логистикалык борбор, экспорт, айыл чарба продукциясы
Тема боюнча
Каарбаева: Россия-кыргыз бизнес-форуму ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты
Бишкек жылуулук тармагы ишканасынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурлан Айтмурзаев

Айтмурзаев: Бишкектин тургундары жылуулук системаларын текшертип коюшу керек

12
"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурлан Айтмурзаев борбордо күз-кыш мезгилдерине карата суу түтүктөрү толук реконструкциядан өткөнүн айтты.

Борбор калаа боюнча турак-жайлардагы жарактан чыккан жылуулук жана ысык суу түтүктөрү алмаштырылып, пландалган иштер соңуна чыкты. Мындай маалыматты Нурлан Айтмурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Айтмурзаев: Бишкектин тургундары жылуулук системаларын текшертип коюшу керек

Анын айтымында, ар бир шаар тургуну кышка жоопкерчилик менен даярданып, жылуулук системаларынын абалын көзөмөлдөп коюшу керек.

"Ар жылдын март-апрель айларында "Бишкек жылуулук тармагы" кезектеги күзгү-кышкы мезгилге карата даярдыкты дароо баштайт. Ушул жылдын 1-сентябрына карата Бишкекте 1946 метр эскирген түтүк оңдолуп, 350 арматура алмаштырылды. Мындан тышкары, 946 чарчы метрлик бузулган жылуулук изоляциясы калыбына келтирилди. Каралаев, Абдымомунов, Жумабек жана Ростовский көчөлөрү аркылуу өткөн суу түтүктөрү реконструкцияланды. Жалпысынан шаар боюнча 60 миллиметрден 133 миллиметрге чейинки диаметрдеги 475 түтүк алмаштырылды. Бишкек шаары боюнча турак-жайлардагы жарактан чыккан жылуулук жана ысык суу түтүктөрү алмаштырылып, пландалган иштер соңуна чыгып, 100 пайыз күз-кыш мезгилине даяр. Бул учурда шаар тургундары да өз турак-жайларындагы жылытуучу жабдыктарды текшерүүдөн өткөрүп коюшу керек. Бул кышкы суукта болуп кетүүчү ар кандай бузулуу, кырсыктардын алдын алат", — деди Айтмурзаев.

Ошондой эле адис абоненттерди жылуулук жана ысык сууга болгон карыздарды убагында төлөөгө чакырды.

12
Белгилер:
Нурлан Айтмурзаев, Бишкек, жылуулук, суу түтүктөрү, реконструкция
Тема боюнча
Суу тартыштыгы. Министрлик элди көмүр менен газ камдоого чакырды

Бир нече мүнөттүн ичинде үч ажалдан кутулган антилопанын видеосу

0
Туристтер антилопанын бир эмес, бир нече ирет кургак жерден да, суунун ичинен да кол салууга камданган душмандарынан кутулуп, ажалдан аман калган учуруна күбө болгон.

Бул тууралуу видео Latest Sightings YouTube каналына жарыяланды.

Бул күлүк, бирок алсыз жаныбар алгач африкалык 16 жапайы иттин таландысына кала жаздаган. Жанына күч келгенде көлмөгө кире качкан. Кыңшылаган гиена сыяктуу иттер олжосунан кол жууп, шилекейин чууртуп жээкте кала берген.

Видеону ошол жерде туристтерди коштоп жүргөн 24 жаштагы Рейнжер Дэниел Хитчингс тартып алган.

Антилопа сууга кирип аркы өйүзгө сүзүп бара жатканда андан бир нече метр аралыкта крокодил пайда болуп, тооруп баштаган. Сырттан карап турган кишинин чыдамы кете турган бул картина эч кандай окуясыз аяктап, антилопа аллигатордон да кутулган. Үчүнчү дагы бир кооптуулук аны жээкке жакын жерде күтүп турган. Үйүрү менен сууга түшүп жаткан бегемоттордун эң ириси ага жакындап келип, секиргенде антилопа шамдагайлыгы менен чет жакка ойт бергенге жетишип калган. Алсыз, бирок эч кимге зыяны жок жаныбар бактыга жараша, бир нече ирет ажалдын чеңгелинен кутулуп, жээкке чыгып, андан ары секирген тейде бадалдын арасына кирип кеткен. Ошентип, бул ирет да ага жашоо жылмайган.

0
Белгилер:
Түштүк Африка Республикасы, жаратылыш, антилопа, жайыт, ит, бегемот
Тема боюнча
Кудум ниндзядай. Кабыландын антилопага чукул келип кол салган видеосу
Жан айласын кылып сууга кирген антилопанын кейиштүү окуясы. Видео