Helvetas Kyrgyzstan фондунун долбоор боюнча адиси Абдырахман Сулайманов

Сулайманов: кыргызстандыктар чет өлкөдө IT тармагында окууну самашат

26
(жаңыланган 11:04 03.09.2021)
Helvetas Kyrgyzstan фондунун долбоор боюнча адиси Абдырахман Сулайманов кыргызстандык студенттер чет өлкөдө маалыматтык технологиялар жаатында окууга кызыгышарын айтты.

Учурдун талабына ылайык, IT багыты жашоо-турмушту ыңгайлаштыруу үчүн да абдан маанилүү ролду ойнойт. Мындай пикирин Абдырахман Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сулайманов: кыргызстандыктар чет өлкөдө IT тармагында окууну самашат

Анын айтымында, программалоо тилдерин ар бир кесиптин ээси өздөштүрүп алуусу кажет.

"Азыркы учурда студенттердин көпчүлүгү IT тармагына кызыгып, чет өлкөлүк мектептерде билим алгысы келет. Маалыматтык технологиялар келечектин тармагы болгондуктан жашоо-турмушту ыңгайлаштыруу максатында башкы ролду ойнойт. Анын маанилүүлүгүн коомго туура жеткирип, дүйнөлүк тенденцияларды кабыл алышыбыз керек. Учурда Европа, Америкада иштеген кыргызстандыктар көп. Бирок каржылык меселелерге байланыштуу чет өлкөдөгү окуу жайга тапшыра албай калса дагы бул жактан эле көп мүмкүнчүлүктөрдү колдоно алат. Мисалы, Udemy, Khan Academy сыяктуу бир катар онлайн-окутуу академиялары менен IT багыты боюнча программалоо тилдерин үйрөнсө болот. Муну менен катар психология, туризм дагы абдан керек турган багыттардын катарында", — деди Сулайманов.

Ошондой эле ал биоинженерияны жакшы өздөштүргөн адистер чоң талапка ээ боло турганын кошумчалады.

26
Белгилер:
IT, билим берүү, Абдырахман Сулайманов
Тема боюнча
Сулайманов: сыртта окуу үчүн мотивациялык кат, резюме мыкты болушу керек
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков. Архив

Курманбеков: Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду чакан ГЭС курууну колдойт

15
(жаңыланган 12:55 26.09.2021)
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков РКӨФ чакан ГЭС куруу долбоорлорун каржылоого артыкчылык берерин айтты.

Баткен жана Талас облустарында чакан жана ири ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор каралып, бизнес-план иштелип жатат. Мындай маалыматты Бакыт Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Курманбеков: Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду чакан ГЭС курууну колдойт

Анын айтымында, алыскы аймактарда жеңил өнөр жайга басым жасалууда.

"Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду насыялык каржылоону энергетика тармагына салууда. Өзгөчө кичи гидроэлектр станцияларын куруу боюнча долбоорлорго артыкчылык берилип жатат. Биздин абдан чоң гидрологиялык потенциалыбыз бар. Учурда Баткенге чакан ГЭС куруу пландалууда. Ал боюнча тиешелүү иштер жүрүп, жабдуулар орнотула баштады. Мындан тышкары, Таласта көзөмөлдө ири ГЭС долбоору турат, ага бизнес-план иштелип чыгууда. Жакында гана өлкө башчы Ысык-Көлдө эки тигүү цехин ачып келди. Көбүнесе алыскы аймактарда аялдарды колдоо максатында да иш жүргүзүп жатабыз. Фонд насыяларды узак мөөнөткө бергенге аракет кылып, пайыздарын да төмөндөтүү боюнча иштерди жасап келет", — деди Курманбеков.

Ошондой эле адис Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлер үчүн атайын маалыматтык кампания уюштуруп, бизнес-план түзүп, долбоорлордун ишке ашышына көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

15
Белгилер:
Бакыт Курманбеков, Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду, насыя, ишкерлик, өнүктүрүү
Тема боюнча
Кыргызстанда ишкер аялдар үчүн онлайн-платформа ачылды
Тарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов. Архив

Эшенгулов: "кент" топонимикалык термини "шаар", "чоң кыштак" дегенди түшүндүрөт

7
Тарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов "кент" топонимикалык терминин чечмелеп берди.

Самарканд, Ташкенд шаарлары кийин тилге ылайыкташып "кенд" мүчөсү уланып калган. Дээринде бул топонимикада кенен жайылган кадимки эле "кент" деген термин. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.

Эшенгулов: "кент" топонимикалык термини "шаар", "чоң кыштак" дегенди түшүндүрөт

Анын айтымында, "кент" термини кошулган жер аталыштары Өзбекстан, Азербайжан жана Казакстанда көп кездешет.

"Топонимика илиминде кенен жайылып, таркап кеткен жер-суу аттары көп. Ал тургай алар ар кандай тилдик өзгөрүүлөргө дуушар болуп, мезгилдин өтүшү менен таптакыр башкача угулуп калат. Ушундай терминдердин бири  — "кент". Жер аттарына мүчө катары уланып колдонулат. Маанисинде шаар, кээ бир тилдерде калк көп отурукташкан айыл дегенди түшүндүрөт. Азербайжандар ушул күнү деле "айылыма, кыштакка " дегенди "гентиме" деп сүйлөшөт. Алардын тилинде кыргыздыкындай каткалаң тамга менен башталган сөздөрдүн дээрлик бардыгы жумшартып айтылат. Мисалы, Ташкент — таштуу шаар дегенди түшүндүрөт деп ойлойбуз. Бирок бул калаанын географиялык түзүлүшү таштак эмес. Ошондуктан шаардын аталышы таптакыр башка маанини билдирет. Анткени мурда бул жерде тажиктер жашаган. Алар "шаш" дегенди "чаш" дешет. Демек бул эли дайыма шашып жүргөндөй көрүнгөн, кайнаган көп калкы бар чоң шаар дегенди түшүндүрөт", — деди Эшенгулов.

Топонимист кыргызда "семиз" же "жоон" деген аталыштагы жер-суу аттары да эбегейсиз, чоң, зор же калың дегенди туюндурарын кошумчалады.

7
Белгилер:
Темиркул Эшенгулов, терминология
Тема боюнча
Эшенгулов: Алтай — Ала-Тоо деген сөздүн тилдик өзгөргөн варианты
Жаратылыш. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
27-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү, 27-сентябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22...+27, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +25...+27, Ош калаасында +27...+29 градуска көтөрүлөт.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Келерки жуманын этеги жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы