Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев

Назаралиев: ЕАЭБде биржалык аймакка кирүүгө Москва биржасы жардам берет

41
Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев аталган мекеме бир эле баалуу кагаздар эмес, товар жүгүртүү боюнча да иш жүргүзөрүн айтты.

Фондулук биржа негизи баалуу кагаздар менен гана иш алып барышы керек. Бирок Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөгө бир эле биржа жетишкендиктен ар тармактуу кызмат көрсөтүү пландалып жатат. Тактап айтканда, мамлекеттик, муниципалдык баалуу кагаздар, товардык сектор, алтын, күмүштү сатуу, айтор, жаңы стратегия боюнча универсалдуу биржа болот. Мында Кыргызстанга Москва биржасы чоң жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Назаралиев: ЕАЭБде биржалык аймакка кирүүгө Москва биржасы жардам берет
"Москва биржасынын технологиясын колдонуп 2025-жылга карата ЕАЭБ алкагында уюмга мүчө-өлкөлөрдүн биржаларынын деңгээлине жетип калабыз деп ойлойм. Эмнеге Москва биржасынын басып өткөн жолун тандап алдык, анткени бул мекеме өз аймагында абдан күчтүү, ийгиликтүү. Учурда андагы баалуу кагаздар 800 миллиард долларга жетти. Бул абдан чоң сумма. Ушул эле технологияны колдонуу менен Казакстан биржасы да кыска аралыкта өнүктү. Андыктан биз дагы эки тараптуу келишим түздүк. Ал эми товар жүгүртүүдө көмөктү Санкт-Петербург биржасынан алалы деп турабыз. Анткени бул да маанилүү тармак. ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн Беларусь биржасынын товар сатуу иши абдан жакшы жолго коюлган. Аларда жергиликтүү товарлардын бардыгы биржа аркылуу гана экспортко чыгат. Биз да ушул деңгээлге жетишибиз керек", — деди Назаралиев.

Ал кыргыз биржасы буга чейин мамлекет тарабынан колдоо болбогондуктан өнүкпөй келгендигин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

41
Белгилер:
Медет Назаралиев, биржа, Евразиялык экономикалык биримдик, Москва, Санкт-Петербург, келишим
Тема боюнча
Назаралиев: Кыргыз фондулук биржасы эки россиялык биржа менен иштешет
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков

Курманбеков: Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 3067 долбоорду каржылады

50
(жаңыланган 11:39 22.09.2021)
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков РКӨФ негизделгенден берки алты жылда жалпы көлөмү 388 миллион долларды түзгөн 3 067 долбоорду каржылаганын айтты.

Фонд тарабынан берилген 388 миллион доллар насыянын 35 пайызы өндүрүшкө, 24 пайызы айыл чарба багытына, 9 пайызы транспорттук жана логистикалык ишканаларга жумшалган. Мындай маалыматты Бакыт Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Курманбеков: Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 3067 долбоорду каржылады

Анын айтымында, РКӨФ тарабынан берилген каражаттын көбү Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы долбоорлорго кеткен.

"Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду негизделгенден берки алты жылда жалпы көлөмү 388 миллион долларды түзгөн 3 067 долбоорду каржылады. Насыянын эң чоң көлөмү өндүрүш секторуна берилди. Жумшалган 388 миллион доллардын 35 пайызы өндүрүшкө, 24 пайызы айыл чарба багытына, тогуз пайызы транспорттук жана логистикалык ишканаларга жумшалды. Калган каражат байланыш, инфрастуктураны өнүктүрүү, туризм жана башка тармактарга берилди. Аймактарга бөлүп карасак, акчанын көбү Бишкек шаары жана Чүй облусундагы долбоорлорго сарпталган. Бишкек өлкөнүн иш борбору болгондуктан ишкерлер ишмердүүлүгүн борбордо жүргүзүшөт. Ош, Жалал-Абад облустарына 56 миллион, Ысык-Көл чөлкөмүндөгү ишкерлерге 39 миллион долларлык насыя берилген", — деди Курманбеков.

Ошондой эле адис Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду валюталык тобокелдиктин алдын алуу максатында аймактардагы долбоорлорду каржылоону улуттук валюта менен жүргүзүүнү колго аларын кошумчалады.

50
Белгилер:
Бакыт Курманбеков, Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду, насыя, ишкерлик, аймак, өнүктүрүү
Тема боюнча
Новиков: Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду кайрымдуулук уюм эмес
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Адилет Сотовалдиев

Сотовалдиев: күйдүргү менен үй жаныбарларынын баары ылаңдайт

29
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Адилет Сотовалдиев малдын ооруганы билинбей турганын, ал эми адамга жукканда денеге жара чыгарын айтты.

Күйдүргү оорусу менен үй жаныбарларынын баары ылаңдайт. Бирок ит, мышыктардын ооруганы сейрек кездешет. Көбүнчө аталган илдеттен кой, эчки, уй, жылкы, чочко, төө жабыркайт. Бул тууралуу Адилет Сотовалдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сотовалдиев: күйдүргү менен үй жаныбарларынын баары ылаңдайт

Анын айтымында, күйдүргү менен ооруган мал ичкен сууну адам колдонсо оору жугуп калуу коркунучу бар.

"Күйдүргү малдан адамга жугуучу зооноздук илдетке кирет. Эл аралык институттар күйдүргүнүн козгогучтары сырткы чөйрөдө канча жыл жашай турганын изилдеп бүтө элек. Болжол менен ал айлана-чөйрөдө кылымдап жата берет. Учурда республика боюнча күйдүргүнүн 560 очогу катталган. Жакында эле Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жети адам күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү. Ошол ылаң табылып, мал өлгөн аймак эми жаңы очок катары катталат. Бетон куюлуп, белгилер коюлат. Бул аймактар 1932-жылдан бери катталып келет. Кээ бир очоктор согуш, жер көчкөн учурларда табылбай калган. Биз жылына күйдүргүгө каршы ошол аймакка жакын жайылган малды эмдөөдөн өткөрөбүз. Бул вакциналар мамлекет бөлгөн каражатка алынат. Андан тышкары, очокторду жыл сайын жазында жана күзүндө текшерип чыгабыз. Күйдүргү очоктору жыл сайын дезинфекцияланганы менен азыркы учурда аны толук жок кылуу мүмкүн эмес", — деди Сотовалдиев.

Ал күйдүргү менен ооруган мал жыгылып, оозу-мурдунан кан аралаш суюуктук чыгарын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

29
Белгилер:
күйдүргү, мал
Тема боюнча
Мал союп этин тараткан. Аксыда 7 адам күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү
АКШ доллары жана бет кап. Архив

Пандемия учурунда Кыргызстанга кайсы өлкөлөр акча салды? Тизме

11
Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстанга кайсы өлкөдөн канча инвестиция келгенин жана алар кайсы тармактарга жумшалганын Улуттук статистика комитети маалымдады.

КМШга кирбеген өлкөлөрдүн арасынан негизги инвесторлор Канада (жалпы инвестициянын 28,8 пайызы) Кытай (25,3 пайыз), Нидерланд (10,5 пайыз), Швейцария (7,4 пайыз), Улуу Британия (4,9 пайыз) жана Түркия (4,5 пайыз) болду.

Акча салынган тармактар:

  • Канада — өндүрүш;
  • Кытай — өндүрүш, геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казуу;
  • Нидерланд — маалымат, байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Швейцария — пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Улуу Британия — геологиялык чалгындоо;
  • Түркия — курулуш, дүң жана чекене соода, өндүрүш.
  • КМШдагы өлкөлөр:
  • Россия — өндүрүш, дүң жана чекене соода;
  • Казакстан — пайдалуу кендерди казуу, дүң жана чекене соода, геологиялык чалгындоого;
  • Өзбекстан — дүң жана чекене соода, өндүрүш;
  • Азербайжан — дүң жана чекене соода.

Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

Баса, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестиция 1,6 эсеге, башка мамлекеттерден 2 эсеге азайган.

11
Белгилер:
Кыргызстан, инвестициялар, экономика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү
Кыргызстандан сыртка 290 млн. доллар которулду. 7 айдын жыйынтыгы