Ленин райондук сотунун судьясы Аида Сейдакматова

Сейдакматова: сот тутумунун мыйзамдары жаңы Конституцияга ылайыкташтырылууда

185
Ленин райондук сотунун судьясы Аида Сейдакматова сот тутумунун мыйзамдарын жаңы Конституцияга ылайыкташтыруу иштери жүрүп жатканын айтты.

Сот тутумундагы мыйзамдар тыгыз байланышта бири-бирин толуктап тургандыктан бирдей өзгөртүлөт. Бул тууралуу Аида Сейдакматова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сейдакматова: сот тутумунун мыйзамдары жаңы Конституцияга ылайыкташтырылууда

Анын айтымында, "Конституциялык сот тууралуу" мыйзам өзүнчө жумушчу топ тарабынан каралып, толугу менен жаңы жазылып чыккан.

"Жаңы Конституциянын кабыл алынышына байланыштуу сот системасында реформа жүргүзүлүп, беш мыйзамга өзгөртүү кирип жатат. Булар "Жогорку сот жана жергиликтүү соттор тууралуу", "Конституциялык сот тууралуу", "Соттордун макамы тууралуу", "Сот адилеттиги боюнча кеңеш тууралуу" жана "Соттук өзүн-өзү башкаруу органдары тууралуу "мыйзам долбоорлору иштелип, жаңы редакцияда Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Бул мыйзамдар мурда эле бар болчу. Учурда жаңы Конституцияга ылайыкташтыруу иштери жүрүп жатат. Алардын ичинен "Соттордун макамы тууралуу" мыйзамда орчундуу өзгөртүүлөр болду. Негизи мыйзамда соттордун кандай алкакта иш алып барышы керектиги, аларды дайындоо, иштен бошотуу, жоопкерчилиги, социалдык, материалдык жактан камсыздоо маселелери жазылган. Мурун Жогорку соттун судьясы он жылдык юридикалык стаж менен дайындалса, эми ал беш жылга кыскартылды. Андан тышкары, мурун жергиликтүү соттун төрагасын өздөрүнүн коллективи жыйналыш өткөрүп үч жылга шайлачу. Өзгөртүүдөн кийин жергиликтүү соттун төрагасын Жогорку соттун төрагасы беш жылга дайындайт. Бул жерде соттор кеңеши, соттук өзүн-өзү башкаруу органдары да өздөрүнүн сунуштамаларын берсе деген ой айтылды. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өтүп, эми экинчи жана үчүнчү окууда каралат", — деди Сейдакматова.

Ал өзгөртүлгөн мыйзамда Жогорку соттун ыйгарым укуктары кеңейтилип, сотторго мыйзам чыгаруу демилгеси, ротация укугу берилгенин кошумчалады.

185
Белгилер:
сот, реформа, мыйзам, Аида Сейдакматова
Тема боюнча
Жапаров ЖКдан айрым мыйзам долбоорлорун кезексиз карап берүүнү суранды. Тизме
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Артур Медетбеков. Архив

Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот

25
(жаңыланган 11:17 21.09.2021)
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Артур Медетбеков Афганистандагы абалдан улам ЖККУнун аскердик окутуулары көбөйгөнүн белгиледи.

ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга өзүнүн алар менен күрөшүүгө даярдыгы тууралуу белги болот. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот

Анын айтымында, ЖККУ жылына ар кандай багыттагы окутууларды өткөрүп турат.

"Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун машыгуулары жөн эле окутуу эмес. Анда байланыш системасын, штабдын башкаруусун, куралдардын колдонулуусу, жаңы куралдардын эффективдүүлүгү, аймактагы рельефке жараша кайсы атуучу куралдарды колдонуу окутулат. Аны көргөн террордук топтордун чалгынчылары уюм терроризм менен күрөшүүгө канчалык даярдыгын билип, кооптонуп турушат. Натыйжада жакынкы убакта же келечекте кандайдыр бир деңгээлдеги чатактарды чыгаруудан сестенишет", — деди Медетбеков.

Ошондой эле ал ЖККУнун Тажикстанда, Кыргызстанда бирден, Россия, Казакстанда экиден батальону бар экенин кошумчалады.

25
Белгилер:
Артур Медетбеков, ЖККУ, Россия, коопсуздук
Тема боюнча
ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтер. Тизме
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев. Архив

Жылкыбаев: мыйзам көрсөткөн убакытка чейин үгүт жүргүзгөндөр жазаланат

21
(жаңыланган 11:09 21.09.2021)
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев мыйзамда көрсөтүлгөн убакытка чейин үгүт иштерин баштагандар талапкер катары катталбай турганын айтты.

Жабык реклама методуна салып, эксперттердин пикири же дагы башка деген таризде мыйзамда көрсөтүлгөн убакытка чейин үгүт иштерин жасагандар жазаланат. БШКнын аларды талапкер кылып каттабай коюу укугу бар. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Жылкыбаев: мыйзам көрсөткөн убакытка чейин үгүт жүргүзгөндөр жазаланат

Анын айтымында, кандайдыр бир эл чогулган жерлерде азыртадан үгүт иштерин жүргүзүп жаткандарды жарандар видеого тартып БШКга жиберсе болот.

"Мыйзамда үгүт иштерине бир ай убакыт бөлүнгөн. Ал шайлоо өтөр күнгө толук бир ай калганда башталат. Быйыл бул октябрдын соңку күндөрүнө туура келет. Эгер кимдир бирөө ушул убакытка чейин ар кандай иш-чараларда өздөрүн агитациялап же ачык эле элди чогултуп алып "мени шайлап койгула" деп жатса, алар талапкер катары катталбайт. Бирок муну далилдеген видеолор болушу шарт. Видеого ар бир эле кыргызстандык тартып, БШКга жиберсе болот. Ошону менен катар эле учурда иштеп жаткан депутаттар тигил же бул аймакка барып, мекемелердин ачылышына же башка иштерге катышып кала турган болсо, биз аларды тыя албайбыз. Анткени бул эл өкүлдөрү, учурдагы ишмердүүлүгүнүн негизинде барып жатат", — деди Жылкыбаев.

Ал социалдык тармактарда белгиленген убакыттан эрте үгүт иштерин баштаган бир мандаттуу талапкерлер да, партиялар да мыйзам чегинде жазаланып, талапкерлик тизмеден четтетилерин кошумчалады.

21
Белгилер:
Узарбек Жылкыбаев, шайлоо, Жогорку Кеңеш, мыйзам, үгүт
Тема боюнча
Жактырган талапкерге добуш бере аласыз. Парламенттик шайлоодогу жаңы эреже
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров. Архив

ЛГБТны Чеченстанда да коргоого чакырган Байденге Кадыров жооп берди

0
(жаңыланган 23:29 21.09.2021)
Чечен Республикасынын президенти АКШ лидерине тамаша иретинде жооп берип, өз өлкөсүнө чакырган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында сөз сүйлөп жатып ЛГБТны коргоого чакырды.

"Биз баарыбыз ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын коргоп турушубуз керек. Алар Чеченстанда, же Камерунда, же дүйнөнүн башка бурчунда болобу, эч нерседен коркпой сүйүүсү менен ачык жашашы керек", — деди Байден.

Көп өтпөй Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров ага Telegram-каналы аркылуу жооп кайтарганын RT жазды.

"Байден ушунчалык акылга сыйгыс билдирүү жасады, жооп катары биздин республикага чакырам. Ал Чечен Республикасына келип бизде короздор, жада калса андай сөз дагы жок экенин көрүп кетсин. Алардын ордуна бизде тооктун күйөөсү бар", — деп жазып каткырган быйтыкча койгон.

Белгилей кетсек, учурда Нью-Йоркто БУУнын Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы өтүп жатат.

0
Белгилер:
АКШ, Жо Байден, Рамзан Кадыров
Тема боюнча
Байден Австралиянын премьер-министринин атын эстей албай... Видео
Рамзан Кадыров UFC мушкери менен кармашты. Видео