Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин гуманитардык факультетинин деканы, филология илимдеринин доктору, профессор Амангелди Бекбалаев

Бекбалаев: Россиянын Славян университети төрт мамлекетте ачылган

199
(жаңыланган 10:09 07.09.2021)
Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин гуманитардык факультетинин деканы, филология илимдеринин доктору, профессор Амангелди Бекбалаев окуу жайдын башка мамлекеттер менен жалпы 380 келишими бар экенин айтты.

Кыргыз-Россия Славян университети постсоветтик республикалардын ичинен биринчилерден болуп Кыргызстанда 1993-жылы КР менен РФтин ортосундагы достук, кызматташтык жана өз ара жардам келишимине ылайык ачылган. Андан соң окуу жай Беларусь, Армения жана Тажикстанда ачылды. Бизде студенттер, магистранттар жана аспиранттар болуп жалпы 10 миңдин тегерегиндеги адам билим алат. Бул тууралуу Амангелди Бекбалаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бекбалаев: Россиянын Славян университети төрт мамлекетте ачылган

Анын айтымында, университет Европа, Азия, Россия Федерациясы жана КМШ өлкөлөрүнүн университеттери менен түзүлгөн кызматташтык келишимдеринин алкагында активдүү иштеп жатат. Жалпы 380 келишим бар.

"Кыргыз-Россия Славян университетинин тогуз корпусу бар. Аламүдүндө онунчу болуп медициналык корпустун кошумча бир имараты ачылган. Бардык имараттарды Кыргызстан берген. Мисалы, мурдагы Офицерлер үйү азыр окуу жайдын башкы корпусу. Учурда бул жайлар студенттер үчүн жетишсиз болуп жатат. Ошону менен бирге жатакана да тартыш. Кошумча корпус салууга окуу жайдын мүмкүнчүлүгү жетет. Бирок келишимде университет кошумча имарат салууга укугу жок деп жазылган. Анткени ал салынгандан кийин ошол жер кайсы мамлекетке тиешелүү экени белгисиз болуп калат. Бул боюнча учурда юристтер иштөөдө. КРСУ ачылган жылдардан бери Ельцин фонду менен тыгыз байланышта. Фонд ар бир курстан 12ден, жалпы университет боюнча 60 мыкты студентке айына 50 доллардан стипендия берип келет. Ошондой эле президенттин стипендиясы да бар. Россиянын өнүктүрүү фонду бизге он жылдан бери жылына 80 миллион рубль бөлөт. Бул каражат окуу жайды техникалык жабдууга жана башка ушул өңдүү иштерге жумшалып, үч жылда бир отчет берилет. КРСУ Россиянын 5-6 ассоциациясына мүчө. Томск, Екатеринбург, Москвадагы жалпы 7-8 окуу жайлар (РУДН, МГУ, Пушкин атындагы орус тили институту ж.б) менен тыгыз иштейбиз. Андан тышкары, студенттер Испания, Германия, Франция мамлекеттерине жылына 5-6 алмашуу программасы менен барып окуп келишет", — деди Бекбалаев.

Профессор 2020-жылдын аягы Рособрнадзор Славян университетине дагы алты жыл билим берүү укугун берип, мамлекеттик аккредитациядан өткөргөнүн кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

199
Белгилер:
кыргыз, орустар, кызматташтык, билим берүү
Тема боюнча
Садыков: эгемендүүлүккө жеткенден соң акысыз билим берүүнү жоготтук
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков. Архив

Курманбеков: Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду чакан ГЭС курууну колдойт

10
(жаңыланган 12:55 26.09.2021)
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков РКӨФ чакан ГЭС куруу долбоорлорун каржылоого артыкчылык берерин айтты.

Баткен жана Талас облустарында чакан жана ири ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор каралып, бизнес-план иштелип жатат. Мындай маалыматты Бакыт Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Курманбеков: Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду чакан ГЭС курууну колдойт

Анын айтымында, алыскы аймактарда жеңил өнөр жайга басым жасалууда.

"Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду насыялык каржылоону энергетика тармагына салууда. Өзгөчө кичи гидроэлектр станцияларын куруу боюнча долбоорлорго артыкчылык берилип жатат. Биздин абдан чоң гидрологиялык потенциалыбыз бар. Учурда Баткенге чакан ГЭС куруу пландалууда. Ал боюнча тиешелүү иштер жүрүп, жабдуулар орнотула баштады. Мындан тышкары, Таласта көзөмөлдө ири ГЭС долбоору турат, ага бизнес-план иштелип чыгууда. Жакында гана өлкө башчы Ысык-Көлдө эки тигүү цехин ачып келди. Көбүнесе алыскы аймактарда аялдарды колдоо максатында да иш жүргүзүп жатабыз. Фонд насыяларды узак мөөнөткө бергенге аракет кылып, пайыздарын да төмөндөтүү боюнча иштерди жасап келет", — деди Курманбеков.

Ошондой эле адис Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлер үчүн атайын маалыматтык кампания уюштуруп, бизнес-план түзүп, долбоорлордун ишке ашышына көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

10
Белгилер:
Бакыт Курманбеков, Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду, насыя, ишкерлик, өнүктүрүү
Тема боюнча
Кыргызстанда ишкер аялдар үчүн онлайн-платформа ачылды
Тарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов. Архив

Эшенгулов: "кент" топонимикалык термини "шаар", "чоң кыштак" дегенди түшүндүрөт

5
Тарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов "кент" топонимикалык терминин чечмелеп берди.

Самарканд, Ташкенд шаарлары кийин тилге ылайыкташып "кенд" мүчөсү уланып калган. Дээринде бул топонимикада кенен жайылган кадимки эле "кент" деген термин. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.

Эшенгулов: "кент" топонимикалык термини "шаар", "чоң кыштак" дегенди түшүндүрөт

Анын айтымында, "кент" термини кошулган жер аталыштары Өзбекстан, Азербайжан жана Казакстанда көп кездешет.

"Топонимика илиминде кенен жайылып, таркап кеткен жер-суу аттары көп. Ал тургай алар ар кандай тилдик өзгөрүүлөргө дуушар болуп, мезгилдин өтүшү менен таптакыр башкача угулуп калат. Ушундай терминдердин бири  — "кент". Жер аттарына мүчө катары уланып колдонулат. Маанисинде шаар, кээ бир тилдерде калк көп отурукташкан айыл дегенди түшүндүрөт. Азербайжандар ушул күнү деле "айылыма, кыштакка " дегенди "гентиме" деп сүйлөшөт. Алардын тилинде кыргыздыкындай каткалаң тамга менен башталган сөздөрдүн дээрлик бардыгы жумшартып айтылат. Мисалы, Ташкент — таштуу шаар дегенди түшүндүрөт деп ойлойбуз. Бирок бул калаанын географиялык түзүлүшү таштак эмес. Ошондуктан шаардын аталышы таптакыр башка маанини билдирет. Анткени мурда бул жерде тажиктер жашаган. Алар "шаш" дегенди "чаш" дешет. Демек бул эли дайыма шашып жүргөндөй көрүнгөн, кайнаган көп калкы бар чоң шаар дегенди түшүндүрөт", — деди Эшенгулов.

Топонимист кыргызда "семиз" же "жоон" деген аталыштагы жер-суу аттары да эбегейсиз, чоң, зор же калың дегенди туюндурарын кошумчалады.

5
Белгилер:
Темиркул Эшенгулов, терминология
Тема боюнча
Эшенгулов: Алтай — Ала-Тоо деген сөздүн тилдик өзгөргөн варианты
Кабул аэропортунан учуп жаткан учак. Архив

Талибдер Кабул аэропорту бардык каттамдарды кабыл алууга даяр экенин айтты

12
(жаңыланган 19:08 26.09.2021)
Талибдер түзгөн Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү авиакомпанияларга кайрылуу жолдогон.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы Афганистандын борборундагы Кабул аэропорту ички жана эл аралык каттамдарды кабыл алууга толугу менен даяр экенин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Талибдер түзгөн Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Абдул Кахар Балхи Twitter баракчасы аркылуу авиакомпанияларга кайрылуу жолдогон.

"Кабул эл аралык аэропортундагы көйгөйлөр чечилди, аба майдан ички жана эл аралык каттамдар үчүн толугу менен даяр. "Афганистан Ислам Эмирлиги" (талибдердин өзүн-өзү атап алган саясий системасы — ред.) бардык авиакомпаниялар менен кызматташууга даяр деп ишендирет жана буга чейин аткарып келген каттамдарын жандандырышына үмүт артат", — деди ТИМдин өкүлү.

Август айынын башында талибдер Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирген. 15-августта Кабулду басып алып, анын эртеси согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кетишкен. Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген, афгандык 34 провинциянын акыркысы Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Эртеси күнү Мохаммад Хасан Ахунд башында турган Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы түзүлгөнү жарыяланды. Ал талибдердин биринчи жолу бийлик башкаруу учурунда тышкы иштер министри болуп иштеп, 2001-жылдан бери Бириккен Улуттур Уюмунун санкцияларында болуп келген.

* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

12
Белгилер:
'Талибан' кыймылы, Кабул, аэропорт
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Кабулдагы базада калган мекендештерди чыгарып... Кыргызстандык дипломаттын эрдиги
Саясат таануучу Өзбекстандын талибдерге көз карашы кандай экенин айтты