Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков

Калбеков: өлкөдө юридикалык кеп-кеңеш берчү 31 борбор иштөөдө

28
(жаңыланган 11:54 11.09.2021)
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков учурда өлкө аймагында 31 акысыз юридикалык кеп-кеңеш берүү борбору иштеп жатканын айтты.

Калктын адилеттүүлүккө бирдей жетүүсүн камсыздоо үчүн мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзам 2016-жылы декабрь айында кабыл алынган. Ошол мыйзамдын алкагында мамлекеттик жана жергиликтүү органдар жарандарга укуктук консультация, кеп-кеңеш берүүгө милдеттендирилген. Бул тууралуу Акжол Калбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Калбеков: өлкөдө юридикалык кеп-кеңеш берчү 31 борбор иштөөдө

Анын айтымында, квалификациялуу юристтер жана адвокаттар борборлордо бекер жардам көрсөтөт.

"Бул багытта Юстиция министрлигинин демилгеси менен учурда өлкө аймагында ар бир районго бирден борбор ачылып жатат. Бүгүнкү убакта  акысыз юридикалык кеп-кеңеш берүү жайларынын саны 31ге жетти. Ошол борбордо иштеген юрист, адвокаттар территориялык органдар менен тыгыз иштешет. Бул мыйзамдын алкагында өкмөттүн мамлекет кепилдеген субъектилердин, тагыраагы, мамлекеттик, жергиликтүү органдардын өз ара аракеттенүү токтому чыккан. Ал токтомдун алкагында борборго кайрылган жаран маселесин чечүү үчүн юрист тарабынан тиешелүү мекемеге жолдомо алат. Мамлекеттик орган жаранды кабыл алып, көйгөйү чечилгенден кийин кайра ошол борборго маалымат жөнөтөт. Бул маалыматтар электрондук базага түшөт. Ушу тапта ал иштелип чыгып борборлордо колдонулуп жатат. База алдында мамлекеттик органдарга да туташтырылат. Ушул система аркылуу кайсы райондо кандай укуктук маселе курч экенин билип, анан ошого жараша адистерди даярдап, жетиштүү маалымат бергенге аракет жасалат", — деди Калбеков.

Ал калктын укуктук маданиятынын учурдагы деңгээли төмөн экенин кошумчалады.

28
Белгилер:
мыйзам, юрист, укук, кеңеш, борбор, Акжол Калбеков
Тема боюнча
Бакиров: бала 14 жашка толгондон тартып сот жообуна тартылышы мүмкүн
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Кошулган нарктын агро азык-түлүк чынжырчасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Марат Асыпбеков

Асыпбеков: логистикалык борбор курган ишкерлер мамлекеттен колдоо табат

59
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Кошулган нарктын агро азык-түлүк чынжырчасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Марат Асыпбеков өлкөдө 23 соода-логистикалык борбор куруу планда бар экендигин айтты.

Соода-логистикалык борборду курууну колго алган ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, жеңилдетилген салык формасын колдонушат. Мындай маалыматты Марат Асыпбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Асыпбеков: логистикалык борбор курган ишкерлер мамлекеттен колдоо табат

Анын айтымында, өлкөдөгү 12 соода-логистикалык борбордун көбү эл аралык стандарттарга дал келбейт.

"2015-2017-жылдар аралыгында Айыл чарбасын соода-логистикалык багытында өнүктүрүү жана уюштуруу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. 2018-жылы аталган концепция программага айланып, 2019-2023-жылдарга чейин түзүлгөн. Учурда биз ушул программа боюнча иштеп, анын алкагында 12 логистикалык борбор курулду. Эми республиканын аймактарында дагы 23 борбор ачуу пландалып жатат. Соода-логистикалык борбор ачууну каалаган ишкер мамлекет тарабынан колдоого ээ болуп, салыктан бошотулат же жеңилдетилген формада колдоно алат. Борборлорду куруу үчүн абдан көп каражат керектелгендиктен, Азия өнүктүрүү банкынан гранттык негизде 100 миллион АКШ доллары бөлүнүп, анын 50 миллиону айыл чарбасын өнүктүрүүгө берилери айтылды. Ага ылайык, ар бир облуста бирден логистикалык борбор куруу пландалууда. Алар Бишкек, Токмок, Каракол, Кызыл-Кыя шаарларында, Сузак, Кара-Суу райондорунда уюштурулары каралууда", — деди Асыпбеков.

Ошондой эле адис эл аралык стандартка жооп берген соода-логистикалык борборлордун ачылышы ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба продукцияларын оңой экспорттоого жол ачыларын кошумчалады.

59
Белгилер:
логистикалык борбор, экспорт, айыл чарба продукциясы
Тема боюнча
Каарбаева: Россия-кыргыз бизнес-форуму ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты
Бишкек жылуулук тармагы ишканасынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурлан Айтмурзаев

Айтмурзаев: Бишкектин тургундары жылуулук системаларын текшертип коюшу керек

13
"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурлан Айтмурзаев борбордо күз-кыш мезгилдерине карата суу түтүктөрү толук реконструкциядан өткөнүн айтты.

Борбор калаа боюнча турак-жайлардагы жарактан чыккан жылуулук жана ысык суу түтүктөрү алмаштырылып, пландалган иштер соңуна чыкты. Мындай маалыматты Нурлан Айтмурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Айтмурзаев: Бишкектин тургундары жылуулук системаларын текшертип коюшу керек

Анын айтымында, ар бир шаар тургуну кышка жоопкерчилик менен даярданып, жылуулук системаларынын абалын көзөмөлдөп коюшу керек.

"Ар жылдын март-апрель айларында "Бишкек жылуулук тармагы" кезектеги күзгү-кышкы мезгилге карата даярдыкты дароо баштайт. Ушул жылдын 1-сентябрына карата Бишкекте 1946 метр эскирген түтүк оңдолуп, 350 арматура алмаштырылды. Мындан тышкары, 946 чарчы метрлик бузулган жылуулук изоляциясы калыбына келтирилди. Каралаев, Абдымомунов, Жумабек жана Ростовский көчөлөрү аркылуу өткөн суу түтүктөрү реконструкцияланды. Жалпысынан шаар боюнча 60 миллиметрден 133 миллиметрге чейинки диаметрдеги 475 түтүк алмаштырылды. Бишкек шаары боюнча турак-жайлардагы жарактан чыккан жылуулук жана ысык суу түтүктөрү алмаштырылып, пландалган иштер соңуна чыгып, 100 пайыз күз-кыш мезгилине даяр. Бул учурда шаар тургундары да өз турак-жайларындагы жылытуучу жабдыктарды текшерүүдөн өткөрүп коюшу керек. Бул кышкы суукта болуп кетүүчү ар кандай бузулуу, кырсыктардын алдын алат", — деди Айтмурзаев.

Ошондой эле адис абоненттерди жылуулук жана ысык сууга болгон карыздарды убагында төлөөгө чакырды.

13
Белгилер:
Нурлан Айтмурзаев, Бишкек, жылуулук, суу түтүктөрү, реконструкция
Тема боюнча
Суу тартыштыгы. Министрлик элди көмүр менен газ камдоого чакырды
COVID-19 менен ооруган бейтаптар үчүн убактылуу оорукананын реанимациясы

COVID: 58 киши вирус жугузуп, эки бейтап көз жумду

19
(жаңыланган 09:40 20.09.2021)
Кыргызстан боюнча илдет илештиргендердин жалпы саны 177 780ге жетип, анын ичинен 172 261 киши дартты жеңген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 58 кишиден коронавирус аныкталып, 72 киши сакайып кетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 36;
  • Чүй облусу – 6;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 5.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 177 780ге жетип, анын ичинен 172 261 киши дартты жеңген.

Акыркы 24 саат ичинде эки киши каза таап, коронавирустан көз жумгандардын саны жалпысынан 2 590го жетти.

Стационарда 591 жана амбулатордук шартта 868 адам дарыланып жатканы кабарланды.

19
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, статистика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коркпой-этпей алгыла! Мамакеев элди эмдөөдөн өтүүгө үндөдү