Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акулуев: эми ишкерлер ишканасын онлайн каттай алышат

© Sputnik / Асель СыдыковаНачальник управления регистрации юридических лиц Минюстиции КР Урмат Акулуев
Начальник управления регистрации юридических лиц Минюстиции КР Урмат Акулуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башчысы Урмат Акулуев юридикалык жактар бирдиктүү терезе аркылуу да каттала алышарын айтты.

Эми ишкерлер ишканаларын каттатууга онлайн-арыз бере алышат. Ал үчүн интернетке байланыш, биометрикалык үлгүдөгү паспорту жана картридер жабдуусу керектелет. Бул тууралуу Урмат Акулуев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Акулуев: эми ишкерлер ишканасын онлайн каттай алышат

Анын айтымында, катталган юридикалык жактарга бир жылга булуттуу электрондук кол тамга акысыз берилүүдө.

"Республикада жүрүп келген санариптештирүү аракеттеринин алкагында биздин министрлик да бир топ долбоорлорду ишке ашырды. Анын негизгилери болуп юридикалык жактарды онлайн каттоого ачылган мүмкүнчүлүктү айтсак болот. Эми ишкерлер үйдөн чыкпай эле ишканасын каттатууга арыз калтыра алышат. Бирок азырынча юридикалык жактын ээлеринин бул кызматтан колдонуусу солгун болууда. Ошондуктан жарандарга бир жылга колдонууга акысыз булуттуу электрондук кол тамга берип жатабыз. Бул жабдуусу жок эле паспорту биометрикалык болбосо да ишканасын каттоого мүмкүнчүлүк берет. Мындан сырткары, бирдиктүү терезе аркылуу да каттатса болот. Бул жерде түндүк системасына туташып, бардык тиешелүү мамлекеттик органдардагы маалыматтарды дароо ала алабыз. Эми жарандар статистикалык комитет, салык органдарына барып отурбай эле дароо катталуу күбөлүгүн бизден алып кете алышат",— деди Акулуев.

Адис ушул эле операциялар ишкананын ишмердигин токтотуу жана кайра каттоодо да жарактуу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0