Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жылкыбаев: бир мандаттуу округдарда шайлоо бир айлампа менен бүтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев. Архив
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев бир мандаттуу система менен шайлана турган талапкерлер бир эле турдан өтөрүн айтты.

Ушул жылдын 28-ноябрында өтө турган шайлоого үгүт учурунда талапкерлерге мыйзам боюнча акысыз теле, радио эфирлер берилиши керек. Бул шайлоо аралаш система менен өтө турган болгондуктан талапкерлердин саны абдан эле көп. Андыктан маселе учурда каралып жатат, курамына медиаэксперттер да кирген атайын жумушчу топ иштөөдө. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Жылкыбаев: бир мандаттуу округдарда шайлоо бир айлампа менен бүтөт

Анын айтымында, бир мандат менен келчү талапкерлер 100 миң сом шайлоо күрөөсүн төлөсө, партиялар 1 миллион сом бериши керек.

"Аралаш система менен өтүүчү шайлоодо мурдагыдан айырма өтө эле көп. Биринчиден, бул жерде ар бир партиядан 54 гана талапкер чыгат. Тагыраагы, ушунча талапкердин ар бирине номер берилип, ал номердик саны бюллетенде көрсөтүлөт. Мындан сырткары, партиялардын тизмеси өзүнчө жазылат. Шайлоочулар партияга добушун берип, бирок талапкерди тандабаса ал бюллетень жарактуу деп эсептеле берет жана добуш партиянын эсебине кетет. Эгер талапкерди тандап, ал эми партияга добушун бербей койсо бул бюллетень жараксыз болуп калат. Эки урна болот. Анткени бизде 36 округдан шайлана турган да талапкерлер бар. Алардыкы кадимкидей эле аты-жөнү жазылат. Мындан сырткары ,партиялар үчүн босого добуш 5 пайыз деп белгиленди. Ал эми бир мандат менен келе турган талапкерлер кимиси көп добуш алса, ошол өтө берет. Мурдагыдай экинчи айлампа болбойт", — деди Жылкыбаев.

Адис эгер бир мандат менен депутат болгон адам кызматка кетип же башка себеп менен мандаты бошоп калса, ошол округда кайра шайлоо болорун кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

Жаңылыктар түрмөгү
0