Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кулмендеев: "Ак илбирс" ар бир адистин эмгегин баалайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКинорежиссер, продюсер Таалайбек Кульмендеев
Кинорежиссер, продюсер Таалайбек Кульмендеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Кинорежиссер, продюсер, "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири Таалайбек Кулмендеев 2020-2021-жылы тартылган тасмалардын мыктылары 2022-жылы аныкталарын айтты.

"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгы 2012-жылдан бери кино жаратуучулардын эмгегин баалоо, жаштарга кыргыз киносунун багытын берүү, стимул болсун деген ниетте өткөрүлүп келет. Башка фестивалдардан айырмаланып кино тармагындагы ар бир адистин эмгегин баалоо мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Таалайбек Кулмендеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кулмендеев: "Ак илбирс" ар бир адистин эмгегин баалайт

Анын айтымында, киносыйлыкка 2019-жылкы 18 кыска метраждуу, тогуз толук метраждуу, 13 даректүү болуп жалпы 40 тасма келип түшкөн.

"2019-жылдын мыктыларын тандоо жана сыйлык тапшыруу аземи 2020-жылдын 25-апрелине белгиленген эле. Бирок пандемиядан улам бул иш-чара үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына пландалды. Былтыр калыстар тобу жабык добуш берүү жолу менен мыктыларды тандап коюшкан. Анын жыйынтыгын уюштуруучулар деле билбейбиз. Кагаздар биз иштешкен юридикалык компаниянын колунда. Азыр дагы деле эпидемия жүрүп жатканына байланыштуу чет элдик коноктордун келер-келбеси так аныктала элек. Ошондуктан "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салым", "Борбор Азиядагы мыкты тасма", "Борбор Азиянын мыкты актёру" жана "Борбор Азиянын мыкты актрисасы" номинацияларын ала турган чет элдик кесиптештерди сыйлоо маселесин жакынкы аралыкта кеңешүү менен чечебиз. Ал эми бул жылы "Жөө күлүк", "Напарниктер", "Бажариктер 3", "Аврора" картиналарынын арасында мыкты адистер аныкталат. Ошондой эле жанрларга жараша башка эмгектерге "Мыкты даректүү тасма", "Мыкты кыска метраждуу тасма" номинациялары берилет. "Көрүүчүлөр жактырган мыкты тасма" сыйлыгы  эң көп касса чогулткан картинага ыйгарылат. Белгилей кетсем, азыр пандемиядан улам киносыйлыктын өткөрүлүшү бир жыл артта калып жатат. Ошондуктан 2020-2021-жылы тартылган эмгектердин мыктылары 2022-жылы X "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгында чогуу аныкталат да, иш-чара кийинки жылдары өз нугуна түшөт", — деди Кулмендеев.

Режиссер сыйлык тапшыруу аземи "Манас" кинотеатрында өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0