Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев

Мурзаев: глобалдашуу заманында үй-бүлө куруунун мааниси өзгөрдү

45
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев глобалдашуу заманында үй-бүлө куруунун мааниси өзгөргөнүн айтты.

Азыртадан туура жар тандоо маселесин көтөрбөсөк ажырашуулар көп болот. Үй-бүлө куруунун маанилүүлүгүн айтпасак жалгыз бой жүргөн адамдар арбыйт. Ошону менен бирге жалгыз бой аялдын колунда чоңойгон балада же ата-энеси узак убакыт бою эмгек миграциясында жүргөндөрдө кийин үй-бүлө курууда же кайра эле балдарына тарбия берүүдө маселе жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу Маматали Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Мурзаев: глобалдашуу заманында үй-бүлө куруунун мааниси өзгөрдү

Анын айтымында, глобалдашуу заманындагы жалгыз бой аялдар, кеч турмуш куруу, ажырашуунун көбөйгөнү улуттук өсүп-өнүгүүгө, көбөйүүсүнө терс таасир этет.

"Адамзаттын жашоосунда үй-бүлөнүн мааниси зор. Биз бир үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келип, кайра өзүбүздүн уябызды куруп, муун уланып келет. Көчмөндүк турмушта үй-бүлөдө аял, эркек дебей жоого каршы туруп, ынтымактуу болушкан. Үй-бүлөнүн бекемдиги уруунун, элдин сакталышынын негизи болгон. Байыртадан кыргыздар үй-бүлө курууга өтө олуттуу мамиле жасап келген. Ата-энелер кыздын же жигиттин жети атасына чейин сурап, оорулуу, жаман пейилдүүлөр бар-жогун изилдеп, анан маселе чечилген. Кийин совет доорунда жаңы баалуулуктар пайда болду. Аны менен бирге марксизм, лениндик идеологиялар келди... Сүйүшүп, той берип үйлөнүү, ошону менен бирге тааныбаган эле кызды ала качуу маселеси пайда болду. Ушул жерде сүйүү үй-бүлө куруудагы негизги критерий катары биринчи орунга чыкты. Бул жерде европалыктар менен кыргыздардын сүйүү боюнча түшүнүгү эки башка. Европада бул эркек-аялдын жакындашуусу болсо, кыргызда бул адамдык улуу мамиле. Бизде европалыктарча сүйүшкөндөр көбөйүп, үйлөнгөндөн кийин сезимдер муздап ажырашкандар арбыды", — деди Мурзаев.

Психолог азыркы глобалдашуу мезгилинде ар кандай мамлекеттердин маданиятынын таасири кыргыздардын үй-бүлө куруу түшүнүгүнө чоң сокку уруп жатат деген пикирин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

45
Белгилер:
Маматали Мурзаев, психология, жар, тандоо, үй-бүлө
Тема боюнча
Ата-энем жигитимден жүз миңдеген акча сурап кууратты. Кыздын каты
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин славян таануу факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Рахат Ниязалиева

Ниязалиева: Кыргызстанда 251 орус тилдүү жана 611 аралаш мектеп бар

32
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин славян таануу факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Рахат Ниязалиева аталган бөлүмдүн 40 жылдык тарыхы бар экенин айтты.

Славян таануу факультети студенттерди үч багытта даярдайт. Биринчиси орус тил мугалими, кыргыз-орус-англис тилдеринде окутуу методикасы боюнча лингвист-котормочулар жана бала бакчалар үчүн педагогдор билим алып чыгат. Бул тууралуу Рахат Ниязалиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Ниязалиева: Кыргызстанда 251 орус тилдүү жана 611 аралаш мектеп бар

Анын айтымында, учурда аталган факультетте 737 студент билим алууда.

"Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик универститети 1979-жылы ачылган. Славян таануу факультети ошол күндөн тартып эле иштеп келет. Ал мезгилде өлкөдө орус тилдүү мугалимдердин жетишсиздиги курч болгондуктан мындай бөлүмдү ачуу зарылчылыгы жаралган, бул маселе азыр деле актуалдуу. Биз учурда Кыргызстандын бардык мектептеринде билим бере ала турган орус тил мугалимдерин окутабыз. Ошондой эле лингвист-котормочуларды, бала бакча педагогдорун даярдап чыгарабыз. Билим берүү багытында Россиянын окуу жайлары менен тыгыз алакабыз бар. Азыркы мезгилде өлкө боюнча 1 648 бала бакча болсо, анын 337си орус тилдүү, 250сү кыргыз-орус аралаш тилинде тарбия берет. Ал эми орто билим берген мектептердин саны республика боюнча 2 283 болсо, алардын ичинен 251и орус тилинде, 611и эки тилде окуткан билим уялары. Бул мектеп жана бала бакчалардын баарында эле орус тилдүү педагогдор жетише бербейт", — деди Ниязалиева.

Ал студенттер кыргыз, орус тайпаларына бөлүнүп окушарын кошумчалады.

32
Белгилер:
орус тили, кыргыз тили, билим берүү, Рахат Ниязалиева
Тема боюнча
Сманова: кыргызстандык жаштардын Россиянын ЖОЖдоруна окуу мүмкүнчүлүгү кенен
Миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев

Алыбаев: Санкт-Петербург менен онлайн эмгек жарманкеси уюштурулууда

31
Миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев 2019-жылы жумуш берүүчүлөрдүн эл аралык жарманкеси офлайн өткөнүн маалымдады.

Россиялык өнөктөштөр менен Кыргызстанда алгачкы жолу эмгек жарманкеси онлайн өтөт. Бул тууралуу Алмаз Алыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Алыбаев: Санкт-Петербург менен онлайн эмгек жарманкеси уюштурулууда

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу иш-чараны аралыктан өткөрүү чечими кабыл алынган.

"Быйыл өлкөдө алгачкы жолу эл аралык эмгек жарманкеси 29-сентябрда онлайн өтөт. Аны уюштурууда эң башкы өнөктөшүбүз катары Санкт-Петербург шаарынын эмгек комитети иш алып барууда. Алар атайын ушул жарманке үчүн https://migrantspb.com/ сайтын ачты. Буга чейин жүргүзүлгөн маалыматтык өнөктүктүн натыйжасында гугл-форма аркылуу 1 600 каалоочу каттоого алынды. Алардын электрондук даректерине Zoom платформасы аркылуу өтө турган онлайн-жарманкенин шилтемесин беребиз. Тилекке каршы, ага 1 000 адамга чейин гана кирүүгө болот. Бирок https://migrantspb.com/ жана https://www.migrant.kg сайты аркылуу иш-чаранын жүрүшү түз алып көрсөтүлөт. Бул иш-чарага Россия, Корея, Япония жана башка өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүбүз катышып, алар өз өлкөсүндөгү эмгек шарттары, талаптар, жумуш орундары боюнча толук маалымат беришет. Ошондой эле жумушка орноштуруу боюнча өлкөдөгү жеке менчик компаниялар чет өлкөлөрдөгү бош орундар тууралуу акысыз маалымат берет. Анын натыйжасында жарандар менен жумуш берүүчүнүн бетме-бет, онлайн-сүйлөшүүсү уюштурулат. Эгер андан жарандар өтсө, чет өлкөлүк жумуш берүүчү тарабынан келишим жөнөтүлөт. Жумушка орношуу үчүн тийиштүү документтер жыйналып, керектүү өлкөгө чыгып кетүү үчүн үч айдай убакыт талап кылынат", — деди Алыбаев.

Ошондой эле ал жарандарды жумушка алуу чечими чыкса виза, учакка билет сатып алуу чыгымдарын жумуш берүүчү көтөрө турганын кошумчалады.

31
Белгилер:
эмгек, миграция, жарманке
Тема боюнча
30-сентябрга чейин жетишип калгыла. Россиядагы элчилик эмгек мигранттарга кайрылды
Тамеки чегип жаткан адам. Архив

Пляж, базарда. Тамеки, кальян чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси

625
(жаңыланган 21:34 28.09.2021)
Тыюу салынган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да уруксат берилбейт. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаров коомдук жайлар менен мекемелерде чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду.

Ага ылайык, белгилүү бир жайларда тамеки, электрондук чылым жана кальян чегүүгө толугу менен чектөө киргизилди.

Аталган мыйзамдын 13-беренесинде кайсы жерде чегүүгө тыюу салынары жазылган.

Алар төмөнкүлөр:

  • Ведомствонун жана менчигинин түрүнө карабастан подъезддерде, лифттерде, аянттарда, дааратканаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында;
  • Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелерде, социалдык кызматтардын имараттарында, стадиондордо;
  • Темир жол жана автобекеттерде;
  • Калкка кызмат көрсөтүүчү жайларда, анын ичинде мейманканаларда, тиричилик тейлөө, коомдук тамактануучу жайларда, убактылуу тургузулган соода объектилеринде;
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү имараттарда;
  • Имараттарда жана курулмаларда уюштурулган жумуш орундарында, жумушчу зоналарда;
  • Өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде күйүүчү май куюучу жайларда;
  • Коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрдө);
  • Коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын мекемелеринде;
  • Реабилитациялык жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган жайларда;
  • Калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда жана жабык базарлардын аймактарында;
  • Аялдамаларда;
  • Тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо массалык-маданий, спорттук иш-чараларды, акцияларды, чогулуштарды өткөрүп жатканда ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде.

Аталган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да тыюу салынат. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактап, желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

Ар бир орган жана мекеменин жетекчилери бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.

Чылым чегүүгө тыюу салынган жайларды аныктоо жана белгилерди коюу тартибин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгат.

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда өлүмдүн жана майыптыктын негизги себеби тамеки тартуу экенин буга чейин белгилешкен.

Ошондой эле чылым чегүүгө бардык эле жерлерде тыюу салынбасын айтышкан. Бирок башкалардын эркин дем алуусуна тоскоол болбошу керек деген принцип сакталышы шарт.

625
Белгилер:
тамеки, тыюу салуу, имарат, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде кафе жана ресторандарда чылым чеккенге тыюу салынат. Мыйзамга кол коюлду
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти