Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жылкыбаев: 30 пайыздык квота партиялык системага гана тиешелүү

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев. Архив
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев бир мандаттуу округдан шайланган депутаттар 30 пайыздык квотаны сактабай турганын айтты.

Бир жыныстууларга, башка улуттун өкүлдөрүнө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге тиешелүү квота партиялык системада гана каралат. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Жылкыбаев: 30 пайыздык квота пратиялык системага гана тиешелүү

Анын айтымында, бир мандаттык системада жашы 25тен жогору, 100 миң сом шайлоо күрөөсүн төлөй алган, үгүт иштерин мыйзам ченеминде алып барган бардык каалоочулар талапкер боло алат.

"30 пайыздык квота жөнүндө сөз болуп жатканда бул бир гана партиялык системага тиешелүү экенин айтып кетиш керек. Анткени эртең шайлоо бүткөн соң аялдардын укугун коргогон уюмдар коомчулукту дүрбөтүп чыгышы мүмкүн. Азыркы мыйзамдар боюнча, Жогорку Кеңештин VII чакырылышында 90 гана депутат болот. Алар аралаш система менен шайланып, 54 партиялык тизме менен келсе, 36сы бир мандаттуу система менен эл өкүлү болушат. Биз айтып жаткан ошол 30 пайыздык квота ушул партиялык тизме менен келген 54 талапкердин ичинде гана сакталат. Башкача айтканда, тизмеде ар бир төртүнчүсү аял киши болушу керек, аял депутат кетсе ордуна кайра кыз-келиндерден депутат келет деген эрежелер преференциалдуу система менен келе турган депутаттар үчүн гана каралган. Ал эми калган 36 округдан жашы 25тен өткөн, жогорку билими бар, 100 миң сом шайлоо күрөөсүн төлөй алган ар бир кыргызстандык талапкер, шайлооодон өтсө депутат боло алат", — деди Жылкыбаев.

Адис ошону менен бирге эле бир мандаттуу округдардан да каалаган кыз-келиндер талапкер боло аларын кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

Жаңылыктар түрмөгү
0