Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жусупов: Россия менен Американын трикинг таймашында орус командасына капитан болгом

© Sputnik / Табылды КадырбековNomad Stunts группасынын каскадёру, Азия чемпиону жана Россиянын трикинг боюнча төрт жолку чемпиону Эрлан Жусупов
Nomad Stunts группасынын каскадёру, Азия чемпиону жана Россиянын трикинг боюнча төрт жолку чемпиону Эрлан Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Nomad Stunts группасынын каскадёру, Азия чемпиону жана Россиянын трикинг боюнча төрт жолку чемпиону Эрлан Жусупов 21 жашынан баштап каскадерлукка аралашканын айтты.

Nomad Stunts каскадерлер группасы 2000-жылдары негизделген. Ага чейин экшн-уруштарга кызыкчумун. 2015-16-жылдан баштап Казакстанда тартылган тасмада каскадерлер группасы менен иштеше баштадым. Бул тууралуу Эрлан Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтып берди.

Жусупов: Россиянын трикинг командасынын капитаны болуп Америкага баргам

Nomad Stunts каскадёрлер группасында 85 адам болсо, анын 32си кыргыз жигиттери.

"Каскадер болушума атам түрткү болгон, каскадер болом деген оюм жок болчу. 1-класстан баштап каратэ, кийин бокс менен үч жыл машыктым. Атам 12 жашымда борбор калаага жөнөтүп, таякем акробатика мектебине киргизген. Ал жерде төрт жыл жүрүп, 16 жашка чыкканда трикинг менен машыга баштадым. Трикинг — бул салыштырмалуу жаңы спорттук кыймыл. Кыргызстанга 2006-жылдары келди. Ал өзүнө мушташ искусствосун, гимнастика, ушу, каратэ, кунг-фу, тайбокс, брейкданс жана башка спорттук дисциплиналардын жыйындысын камтыйт. Жөн эле сальто жасап койбостон, секирип баратып тээп же жерге түшкөндөн кийин бийлеп кетиш керек. Беш жыл машыгуудан соң трикинг боюнча Россияда өткөн чемпионаттарга 2011-2014-жылдары катышып, жеңүүчү аталдым. Россиянын атынан трикинг командасынын капитаны болуп Америкага да барып келдик. Ал эми каскадерлукту Зияш Ли (Зияш Турдубеков — ред.) менен баштагам. Сочидеги театрда үч жыл бийчи болуп иштегенден кийин башка багытка өтүүнү чечтим. Каскадерлук менен артыңда тарых калтыра аласың. Ал учурда 21 жашта элем", — деди Жусупов.

Ал каскадер болом деген балдар кайсы бир спорттун чебери болсо жакшы болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0