Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Суранбаев: статистикадагы ооругандардын 35-40%ы накта COVID жуктургандар

© Sputnik / Табылды КадырбековЖугуштуу, паразиттик оорулардын жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы дарыгери, эпидемиолог Султан Суранбаев
Жугуштуу, паразиттик оорулардын жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы дарыгери, эпидемиолог Султан Суранбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Жугуштуу, паразиттик оорулардын жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы дарыгери, эпидемиолог Султан Суранбаев кайсы вирус болбосун, белгилери байкалса дароо эле ПЧР-анализден өтүү эң туура экенин айтты.

Азыркы статистикадагы ооругандардын 35-40 пайызы накта коронавирус жуктургандар. Калганында аталган вирустун белгилери гана аныкталып, клиника эпидемиологиялык көрсөткүчтөрдүн негизинде катталып жатат. Бул тууралуу Султан Суранбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Суранбаев: статистикадагы ооругандардын 35-40%ы накта COVID жуктургандар

Анын айтымында, коронавирус бир-эки жумадан кийин организмди жабыркатса, сасык тумоо бир сутканын ичинде эле өрчүп кетет.

"COVID менен сасык тумоо бири-биринен айырмаланат. Коронавирус мезгилдик оору эмес, ал эми сасык тумоо сезондук илдет болуп эсептелет. Грипп ноябрь-январь айларында күч алат. Учурда бул вирус менен ооругандар дээрлик аз. Коронавирустун инкубациялык мөөнөтү 14 күн. Демек, ал бир-эки жумадан кийин гана адамды оорутуп баштайт. Сасык тумоодо болсо клиникалык белгилер алгачкы 1-2 күндө эле байкалат. Андан кийин организм тез эле калыбына келет. Жыл сайын калктын тобокел тобундагы адамдарды сасык тумоого каршы эмдейбиз. Ошондон улам Кыргызстанда сасык тумоо аз катталат. Азыр адамдардын температурасы көтөрүлүп, чүчкүрүп калганда дароо дарыгерге кайрылып, ПЧР-анализин алып жатканы эң туура. Учурда калктын 30 пайызы коронавируска каршы вакцинациядан өттү. Вакцина алганда адам эч качан COVID болуп ооруп калбайт. Эгер эмделгенден кийин оорунун симптомдору пайда болсо, анда бул эң жакшы жыйынтык. Мында сөзсүз түрдө адамда ооруга каршы иммунитет пайда болот. Ал эми вакцина алгандан кийин белгилер болбосо, анда эмдөөнү организм кабыл алган жок деп эсептелет", — деди Суранбаев.

Башкы дарыгер былтыр тажрыйбанын аздыгынан, туура эмес багытта иштеп, ооруган, оорубаган адамдарды да бир жерге жаткырып чогуу кармагандыктан илдет жуктургандарын саны көбөйүп кеткенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0