Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ташматов: приоритеттүү спорттун түрлөрүн көбөйтүү каралууда

© Sputnik / Асель СыдыковаЗаместитель директора Дирекции по олимпийским видам спорта Алибек Ташматов
Заместитель директора Дирекции по олимпийским видам спорта Алибек Ташматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басары Алибек Ташматов Кыргызстанда артыкчылыкка ээ спорттун түрлөрүнүн санын көбөйтүү боюнча аракеттер көрүлө баштаганын айтты.

Приоритеттүү спорт түрлөрүн көбөйтүп, аны мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп, финансылык жактан колдоп бергенде гана эл аралык мелдештерде ийгиликтер болот. Мындай пикирин Алибек Ташматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ташматов: приоритеттүү спорттун түрлөрүн көбөйтүү каралууда

Анын айтымында, кыргыз балбандарынын Олимпиада оюндарындагы жетишкендиктери жаштардын спортко болгон кызыгуусуна жол ачты.

"Кыргызстанда приоритеттүү спорттун алты түрү бар. Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекция тарабынан спорттун өнүгүшүн, жаштардын кызыгуусун, эл аралык мелдештердеги ийгиликтерди эске алуу менен артыкчылыктуу спорт түрлөрүнүн санын көбөйтүү боюнча аракеттер көрүлө баштады. Өзгөчө көңүл бурула турган спортко мамлекет тарабынан финансылык жактан да чоң колдоо болот. Алсак, оор атлетика да бул тизмеден чыгып калган. Эми атлеттердин акыркы көрсөткөн жыйынтыгына карап, кайрадан жогорку деңгээлде көңүл бурула баштайт", — деди Ташматов.

Ошондой эле адис спорттук инфраструктураны түзүү максатында чет элдик инвесторлор менен тыгыз иштешип, шарт түзүп берүүнүн жолдорун издей тургандыктарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0