Тарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов

Эшенгулов: Алтай Ала-Тоо деген сөздүн тилдик өзгөргөн варианты

434
Тарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Алтай аталышынын тарыхына токтолуп, топонимикалык жактан чечмелеп берди.

Алтай — Ала-Тоо дегендин тилдик өзгөргөн варианты. Топонимика илиминде бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындай пикирин Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.

Эшенгулов: Алтай — Ала-Тоо деген сөздүн тилдик өзгөргөн варианты

Алтай тоо кыркаларынын эң бийик чокусу Белуха деп аталып, 4500 метр бийиктикти түзөт.

"Алтай тоо кыркалары кыргыз Ала-Тоосуна же Теңир-Тоого окшоп созулуп жатпайт. Ал жакта тоолор чомгороктошуп, бир жерге үйүлгөн сыяктуу көрүнөт. Ала-Тоодон эң чоң айырмачылыгы ушул. Анан да Алтай аймагы нымдуу келет. Андыктан түрдүү өсүмдүктөргө бай. Алтай тоо кыркаларынын эң бийик чокусу Белуха (кыргызча Ак чоку дейбиз), бийиктиги 4500 метр. Алтайдын аталышын кээ бир маалыматтарда Алтын-Тоого такап, алтыны көп жер болгондуктан ушинтип аталып калган дешет. Анткени Якутияда Алдан деген тоо бар, якут, моңгол тилдеринде бул алтын дегенди түшүндүрөт. Алтайдын аталышын мына ушуга байланыштырган окумуштуулар да кездешет. Ал эми чыгыш таануучу Василий Радлов жана башка бир топ окумуштуулар "Алтай деген аталыш тилдик өзгөрүүлөргө дуушар болуп, өзөгүндө Ала-Тоо дегенди түшүндүрөт" деп жазып калтырып кетишкен",— деди Эшенгулов.

Топонимист аталган илимде тыбыштык өзгөрүүлөргө дуушар болуп, жыйынтыгында таптакыр башкача угулуп калган жер аттары көп экендигин кошумчалады.

434
Белгилер:
Темиркул Эшенгулов, Алтай крайы, Ала-Тоо
Тема боюнча
Эшенгулов: Нарын — кууш өрөөндө аккан дарыя дегенди түшүндүрөт
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов. Архивдик сүрөт

Бактыгулов: преференциялуу система партиянын ичиндеги интриганы күчөтөт

21
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов шайлоонун жыйынтыгы ар бир жарандын жоопкерчилигинен көз каранды экенин белгиледи.

Преференциялуу шайлоо системасы партиянын ичиндеги интриганы күчөтөт. Анткени алар партиялаш эмес, атаандаш болуп калат. Бул тууралуу Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Бактыгулов: преференциялуу система партиянын ичиндеги интриганы күчөтөт

Анын айтымында, мындан улам депутат болууга үмүттөнгөндөрдүн ортосунда маалыматтык согуш күч алышы ыктымал.

"Преференциялуу шайлоо системасы партия ичиндеги интриганын күч алышына шарт түзөт. Анткени партиянын ичиндеги 54 талапкер кесиптеш эмес, бири-бири менен атаандаш. Саясий партия аркылуу аттанып жатканы үчүн каражатты азыраак коротот. Себеби бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болгондор өз чөнтөгүнөн акча чыгарышат. Ал эми партиядан аттанганда жалпы каражаттан төлөнөт. Бул жагынан алганда партиянын ичинен бир-эки кишинин гана электораты бар болсо, калгандары добуш үчүн күрөшүшү керек. Мисалы, үч талапкер өз аймактарынан беш миңден добуш алып келсе, кимисине мандат бериле турганы кантип чечилет? Ушундайлардан 20 адам болсочу? Албетте, бири-бирин коркутуп, каражат берип интрига жүргүзүш керек болот. Мына ушул жагдайлар толугу менен чечилген эмес. Ошондуктан алдыда келе жаткан шайлоодо партиялар арасында, ошондой эле партиянын ичинде дагы маалыматтык согуш күч алат", — деди Бактыгулов.

Саясат таануучу көптөр шайлоого катышпаганы үчүн сабатсыз депутаттар шайланып жатканын кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

21
Белгилер:
Шерадил Бактыгулов, шайлоо, саясат, саясый партия
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Усупбекова: округдук шайлоого катышуу үчүн бир жерде үч ай жашоо керек
Инвестиция министрлигинин инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Арипов

Арипов: жарым жылда инвестициянын көлөмү 95,4%га өстү

11
Инвестиция министрлигинин инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Арипов чет өлкөдөн келген акчанын көлөмү жарым жылда 95,4 пайызга өскөнүн айтты.

Быйыл сырттан кирген жалпы инвестициянын көлөмү 321 миллион 230 миң долларды түздү. Мындай маалыматты Нурлан Арипов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Арипов: жарым жылда инвестициянын көлөмү 95,4%га өстү

Анын айтымында, инвестициялардын көбү Кытай, Түркия, Улуу Британия, Канада, Швейцариядан келген.

"Былтыркыга салыштырмалуу, расмий статистика боюнча, чет өлкөдөн келген инвестициянын көлөмү жарым жылда 95,4 пайызга өстү. Былтыр ушул алты айдын ичинде 164 миллион 370 миң доллар болгон. Инвестициялар көбүнчө Кытай, Түркия, Улуу Британия, Канада, Нидерланд жана Швейцариядан келген. Алсак, Кытайдан 101,9 миллион доллар, Түркиядан 62 жана Улуу Британиядан 32,3 миллион доллар келип түштү. МЫндан тышкары, КМШ өлкөлөрүнөн кирген инвестиция жалпы 269,9 миллионду түзгөн. Алардын ичинен Россия менен Казакстандан эң көп суммадагы инвестиция тартылган. Мамлекет башчы иш сапарларын Россия жана Казакстандан баштагандыктан, анын натыйжасы бул тармакта жакшы болууда", — деди Арипов.

Ошондой эле жетекчи сырттан келген инвестициянын эң көп бөлүгү Жалал-Абад облусуна туура келип, 138, 3 миллион долларды түзгөнүн кошумчалады.

11
Белгилер:
инвестициялар, инвестициялык абал, экономика, финансы, Нурлан Арипов
Тема боюнча
Пандемия учурунда Кыргызстанга кайсы өлкөлөр акча салды? Тизме
Көмүр түшүрүп жаткан жумушчу. Архив

Быйыл көмүрдүн баасы кандай болот? Кара алтындын наркына сереп

53
(жаңыланган 17:49 27.09.2021)
Синоптиктер аптанын аягында күн сууктай турганын божомолдоодо. Аба ырайы бузулары менен турак үйдө тургандар арасында көмүргө болгон суроо-талап өсөт.

Быйыл азык-түлүктөн тарта күйүүчү майга чейин кымбаттады. Мунун баары көмүрдүн баасына таасир этпейби? Кара алтындын баасы канча болот, кору жетиштүүбү? Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ушул жана башка суроолорго жооп алып, көмүрдүн наркы, запасына сереп салды.

Бишкек шаарындагы көмүр саткан ишкерлердин айтымында, азырынча ордо калаага Кара-Кеченин көмүрү келе элек. Учурда шаарда Казакстандын Кара-Жыра, Шабыркүл көмүрлөрү эле сатылууда. Алардын бир тоннасы 4 800 сомго бааланып жатканы маалым болду.

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надырбек Бекжанов былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл көмүр казуу иштери бир аз кечигип жатканын айтып, себебин түшүндүрдү.

"Каражаттын жетишсиздигинен, жайында тоолуу райондорго эки ай тынбай жамгыр, кар да жаагандыктан көмүр кеч казылып калды. Анын үстүнө буга күйүүчү май, тетиктердин кымбатташы да себеп болду. Ага карабай көмүр казуу иштери уланып жатат. Тилекке каршы, көмүрдүн кесегин аныктай албагандыктан, казылган көмүрлөр бир аз майда болууда", — деди Бекжанов.

Анткен менен быйыл өлкөдө көмүр жетиштүү болору белгиленди. Бекжановдун айтымында, жылдан-жылга көмүр көп казылып, жалпысынан өлкөдө кара алтындын алты миллиард тонна запасы бар.

"Бул жылы үч миллион тоннадан ашык көмүр керектелиши күтүлүүдө. Анын ичинен 1 миллион 150 миң тоннасы элге берилсе, 250 миң тонна бюджеттик мекемелерге жумшалат. Калганы ТЭЦке жумшалат", — деди Бекжанов.

Ал учурда ТЭЦти көмүр менен камсыздоо иши жүрүп жатканын айтып, көмүр элге жана бюджеттик мекемелерге 1-октябрдан тарта бериле баштаарын кошумчалады.

"Быйыл күйүүчү майдын жана техникалык каражаттардын кымбаттаганы көмүрдүн баасына да таасирин тийгизбей койбойт. Карьерден чыккан 1 тонна көмүрдүн баасы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан 1 330 сом деп белгиленди. Статистикалык маалымат боюнча, кара алтындын бир тоннасы Нарында 2 500 сомдон 4000 сомго чейин, Чүй өрөөнүндө 4500-4700 сом, Ысык-Көлдө 5000 сомго чейин чыгат. Ал эми өлкөнүн түштүк аймагында 7000-8000 сомго сатылары божомолдонууда", — деди ал.

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин билдирмеси боюнча, быйыл жергиликтүү көмүрдүн бир тоннасынын наркы 3 620 сомдон 6 500 сомго чейин болмокчу. Мунун ичинде Кара-Кече, Сүлүктү, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя көмүрү бар.

Ал эми сырттан келген көмүрдүн (Казакстан) бир тоннасы 5000-7000 сомду түзөт. "Кыргыз көмүр" ишканасы азыркы учурда Кыргызстанга Казакстандан көмүрдүн Кара-Жыра, Шабыркүл деген түрлөрү аз-аздан келип жатканын айтып, бирок Казакстан ички керектөөсүн толук камсыздап алмайынча, канча тонна көмүр келери белгисиз экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, өлкөдө көмүрдүн сатыла турган баасын (карьерден чыкканын гана белгилейт — ред.) бир дагы мамлекеттик орган бекитпейт. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүрдүн баасы чектен ашып сатылып жаткан күндө гана өкмөттүн токтому менен көзөмөлгө алат.

Былтыр Бишкекте Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3700дөн 4200 сомго чейин сатылса, Казакстандын Кара-Жыра, Шабыркүл көмүрлөрүнүн баасы 4000 сомдон ашкан.

53
Белгилер:
көмүр, баалар, Кыргызкөмүр мамлекеттик ишканасы
Тема боюнча
Кулжыгачов: Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр
Кышка даярдык башталды. Бишкек менен Чүйдө электр чубалгылары оңдолот. Сүрөт