Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Карачалов: Россияда эмгек инспекторлору жеринде чечим кабыл ала алат

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызстандын курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов
Кыргызстандын курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Кыргызстандын курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов өлкөдө көмүскө экономиканы жоюунун таасирдүү жолдорунун бири мамлекеттик эмгек инспекторлорунун макамын жогорулатуу деген пикирин билдирди.

Кыргызстанда белгиленген жумуш саатынан көп иштетип же бейрасмий ишке алып көмүскө экономикага ык койгон ишканалар арбын. Аларды мыйзам талаасына кайтаруу үчүн мамлекеттик эмгек инспекторлорунун макамын жогорулатуу зарыл. Мындай ою менен Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.

Карачалов: Россияда эмгек инспекторлору жеринде чечим кабыл ала алат

Анын айтымында, көбүнесе тейлөө кызматында иштеген жумушчулардын укуктары бузулууда.

"Россияда мамлекеттик эмгек инспекторлору каалаган мекемени кайсы учур болбосун, зарылчылык жаралса текшерүүгө укугу бар жана мыйзам бузуу аныкталган учурда жеринен чечим чыгарып, мекеменин ишин убактылуу токтотуп коё алат. Мындай нормалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында да бар болчу. Бирок кийинчерээк ар кандай мыйзамдык актылардын негизинде токтотуп койгонбуз. Азыркы учурда тиешелүү мекеме бир ишкананы текшериши керек болсо 10 күн мурда бул тууралуу ошол ишканага билдириши керек. Эгер ал компаниянын жетекчиси белгиленген күнү жумуш ордунда жок болуп калса же башка себептер менен текшере албай калса, мамлекеттик эмгек инспекциясы бир жылдан кийин гана келгенге укуктуу. Бул өз кезегинде көмүскө экономикага жол ачууда. Биз дагы Россиядагыдай кылып аталган инспекторлордун макамын жогорулатышыбыз керек. Ошондо көмүскө экономикадан чыгуу, жумушчулардын укугун коргоо багыттарында сезилерлик кадамдар жасалат", — деди Карачалов.

Ал ошондой эле Кыргызстанда жарандар 14 жашынан баштап жумасына 20 сааттан ашпаган кызматтарда иштесе болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0