Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жылкыбаев: азыркы системада партиясы өтүп, лидери өтпөй калышы мүмкүн

© Sputnik / Асель СыдыковаБорбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев. Архив
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев преференциалдуу шайлоо системасында партия лидерлеринин укугу чектелип калып жатат деген пикирин билдирди.

Азыркы аралаш система менен өтүүчү шайлоодо партиясы өтүп, лидери өтпөй калышы мүмкүн. Бул бир аз туура эмес көрүнүш. Мындай пикирин Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.

Жылкыбаев: азыркы системада партиясы өтүп, лидери өтпөй калышы мүмкүн

Анын белгилешинче, партия лидерлери үчүн "алтын мандат" системасын киргизип, партиясы өтсө автоматтык түрдө мандат бериле турган эрежени калтыруу керек болчу.

"Преференциалдуу шайлоо системасы накта демократиянын көрсөткүчү десек болот. Анткени парламентке аймактардан чыккан күчтүү, билимдүү жаштар келиши керек, аларга мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү шарт. Мына ушундай кадамдардын бири аралаш шайлоо системасы. Бирок бул жерде партия лидерлеринин укук, мүмкүнчүлүктөрү бир аз чектелип калып жаткандай. Анткени алар шайлоо кампаниясын жүргүзүп, борбордо отуруп алып аны башкарып, уюштуруу иштеринин бардыгын аткарат. Азыркы эреже боюнча ар бир талапкерге добуш берүү менен партия лидери өтпөй калышы ыктымал. Андыктан ага "алтын мандат" дегенди киргизип, партиясы өтсө автоматтык түрдө депутат болуп кала турган кылсак туура болмок", — деди Жылкыбаев.

Ал аралаш шайлоо системасы эл каалаган жаңы жүздөрдүн парламентке келишине жол ачарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0