Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Камчыбеков: Бишкек марафонуна майыптыгы бар 100 адам катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековСпорттун олимпиадалык эмес түрлөрү дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков Кыргызстан боюнча 195 миңден ашуун майыптыгы бар адам жашай турганын айтты.

Эртең борбор калаада өтүүчү жарым марафонго коляскада отурган майыптыгы бар 100 адамдын катышары пландалган. Бул тууралуу Адилет Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Камчыбеков: Бишкек марафонуна майыптыгы бар 100 адам катышат

Анын айтымында, өлкөдө 195 миңден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар.

"Булар үч топко бөлүнөт. Биринчиси — үйдөн чыкпаган, ата-энесинен башка эч ким менен сүйлөшпөгөн адамдар, экинчи топтогулар жарым-жартылай коомчулукка аралашкандар, ал эми үчүнчүсү билим алып, дос күтүп, эл менен аралашып жүргөндөр, бирок майыптыгы бар. Биринчи топко киргендердин психологиялык дагы саламаттыгы кооптуу абалга кептелет. Алардын ата-энеси, жакындары да ушундай эле оор абалда болот. Бул жарандарды элге аралаштырып, жарышка катыштыруу биринчи кезекте алардын багуучулары, ата-энеси үчүн чоң дем-күч берет. Андыктан биздин марафонго коляскада отурган, үч жаштан өйдө 100 адамды катыштыруу пландалган. Алар төрт топко бөлүнүп чуркашат. Кыздар, эркектер өзүнчө жана жандоочу менен, ошондой эле өз алдынча чуркагандар бар. Марафон учурунда дарыгерлер, тиешелүү социалдык мекемелердин кызматкерлери көзөмөлдөп турушат", — деди Камчыбеков.

Спортчу марафондун жыйынтыгында ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар берилерин кошумчалады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0