Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мурзаев: үй-бүлөдө ынтымак болушу үчүн күн сайын күрөшүү керек

© Sputnik / Асылбек БактыбековПсихолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев илим-билим алып жаткан жаштардын арасында үй-бүлө куруу боюнча жаман тенденция бар экенин айтты.

Аялдын жана эркектин психологиясынын ар башка болушу үй-бүлөдө татаал кырдаалды жаратат. Үйдө жакшы мамиле, ынтымак, түшүнүү болуу үчүн күн сайын күрөшүү керек. Бул тууралуу Маматали Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Мурзаев: үй-бүлөдө ынтымак болушу үчүн күн сайын күрөшүү керек

Анын айтымында, жубайлар бири-биринин кемчилигинин үстүнөн иштеши керек.

"Илгертеден эле жар тандоо укугу эркектерде болгон. Салт боюнча ата-эне таптап берүүсү керек эле. Кийин жубай тандоо толугу менен эркектерге өттү. Алар биринчи кезекте кыздардын сулуулугун, дене түзүлүшүн, анан ден соолугун карашат да, андан кийин гана ортодогу мамиле, жашоодогу кызыгуулары, көз караштарынын шайкеш келүүсүнө маани беришет. Булар үй-бүлө курууга, туура жар тандоого негиз боло албайт. Мисалы, сүйүүнү алсак, анын негизги кызматы жигит менен кызды бири-биринин айрым кемчиликтерин көрсөтпөй жакындатуу. Үй-бүлө кургандан кийин жубайлардын мамилеси кыз-жигиттин сүйүүсүнөн да жогору турат. Алардын каны-жаны бир болуп калат. Сүйүшкөндөрдүн каны-жаны бир болбойт. Алар бири-бирине умтулуп гана турат. Аларды ажыраштырып салуу да оңой. Европалык маданиятты көрүп калган кыздар "мен бактылуу болушум керек" дешет. Анын бактылуулук боюнча түшүнүгү күйөөсү, кайнатасы, кайненесинин көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн. Азыр илим-билим алып жаткан жаштардын арасында жаман тенденция бар. Карьера куруп, бутка турушум керек дешет. Алар бутка тургуча жашы өтүп, 30га чыгат. Бул куракта бала-чакалуу болуу татаал жана баланын ден соолугу начар төрөлүшү мүмкүн. Мунун баары эске алынбай калып жатат", — деди Мурзаев.

Психолог жар тандоодо мүнөзү жагынан шайкеш келүүсүн аныктап алуу маанилүү экенин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0