Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кайназаров: демографиялык саясатка көңүл бурулушу зарыл

© SputnikБУУнун Жаштар жана калктын динамикасы программасынын аналитиги Бактыбек Кайназаров. Архив
БУУнун Жаштар жана калктын динамикасы программасынын аналитиги Бактыбек Кайназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
БУУнун Жаштар жана калктын динамикасы программасынын аналитиги Бактыбек Кайназаров Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгышы көп көйгөйлөрдү чечүүгө жол ачарын айтты.

Демографиялык саясатты жөнгө салуу учурдагы муктаждыктан келип чыгууда. Мындай пикирин Бактыбек Кайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Кайназаров: демографиялык саясатка көңүл бурулушу зарыл

Анын айтымында, демографиялык саясатты аныктоодо миграцияга өзгөчө көңүл буруу кажет.

"Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгышы көп көйгөйлөрдү чечүүгө жол ачат. Аны көптөгөн мамлекеттер түзүп чыгып, ишке ашырып келет. Анткени бул маселе орчундуу. Мисалы, Бангладеш демографиялык саясатты жүргүзүү боюнча үчүнчү этапты аткарып жатат. Территориясы чакан болгонуна карабастан дүйнөдө калкы көп өлкөлөрдүн катарында 8-орунда турат. Ага байланыштуу тамак-аш жетишпестиги болорун да болжоп жатышат. Көйгөйдү чечүү үчүн төрөттү азайтып, энелердин жана балдардын ден соолугуна басым жасаган. Үчүнчү этабында жаштардын потенциалын туура колдонуу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Демек, бул маселеге абдан маани берип, мамлекеттик деңгээлде каралышы абзел", — деди Кайназаров.

Ошондой эле адис демография экономика, билим берүү, саламаттык сактоо, жаштар, миграция, гендердик теңчилик жана башка көптөгөн тармактар менен байланыштуу экендигин кошумчалады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0