Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аскеров: айыздан кийинки өзгөрүүлөр аялдын организмин талкалайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын акушер-гинеколог жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Арсен Аскеров. Архив
Кыргызстандын акушер-гинеколог жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Арсен Аскеров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
Кыргызстандын акушер-гинеколог жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Арсен Аскеров 40 жашка чейин деле сексуалдык жактан сабатсыз болуп жүрө берген адамдар көп экенин айтты.

Адамдар сексуалдык жактан сабатсыз болгондуктан ажырашуулар, пландалбаган кош бойлуулуктар болууда. Бул жаатта алдын ала балдарына үйрөтөйүн десе ата-эненин билими жетишпейт. Андыктан мектепте атайын сабактар өтүлүп, аны үстүртөн эле айтып кетпестен, стандартка ылайык тереңирээк окутуу керек. Бул тууралуу Арсен Аскеров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Аскеров: айыздан кийинки өзгөрүүлөр аялдын организмин талкалайт

Анын айтымында, айыл жергесиндеги адамдарга репродуктивдүү ден соолук боюнча билим жетишпейт.

"Адамдын репродуктивдик системасы мээ системасынан баштап, генетика, жыныс органдары, гормоналдык бездерге чейин камтыйт. Репродуктивдүү ден соолукка адамдын жеген тамак-ашы, жүрүм-туруму, стресс таасир этет. Сексуалдык саламаттык этап менен калыптанып отурат да, жогорудагы факторлор ага оң же терс жыйынтык бериши мүмкүн. Мурда аялдардын 16 жашында айызы келип 18 жашында турмушка чыгып, 4-5 же 10 балага чейин төрөгөндүктөн ар кыл илдеттерден, ар кандай шишиктерден алыс болгон. Бирок башка жагынан алганда эрте картайып калышчу. Азыр кыздардын айызы 12-13 жашында келет да, 28-35 жашка чейин турмушка чыкпайт. Негизи айыздын кесепетинен организмде өзгөрүү боло берет. Ошентип жылына 12 жолу өзгөрүү болсо, бала төрөгөнгө чейин бир топ өзгөрүүдөн улам органдарга күч келип, талкаланат. Анан эле эмне үчүн эрте шишиктер пайда болду, эмнеге тукумсуз болуп калдым, эмнеге менструалдык цикл бузулду же урук чыкпай жатат деген суроолор туулат. Ошондой эле эркектердин да жашы өткөн сайын репродуктивдүү ден соолугу начарлайт", — деди Аскеров.

Ал кеч бала көргөн эркекте кандай оорулар болсо анын баары баласына да өтүп жана уругунун сапаты төмөндөгөндүктөн наристенин ден соолугу начар болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0